Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 29-июну № 307-б
Казакстан Республикасына эт-сүт продукциясын экспорттоого байланыштуу маселелерди ыкчам чечүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына эт-сүт продукциясын экспорттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу иштеген жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына эт-сүт продукциясын экспорттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу иштеген жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн курамы жөнүндө Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигине маалымдасын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары, жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн жетекчиси.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы директору;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин мал чарба продукциясын кайра иштетүү жана сатуу бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин малдын ден соолугу жана ассоциацияларды колдоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын техникалык регламент жана стандарт боюнча иштерди координациялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.