РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 307-б (Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына эт-сүт продукциясын экспорттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу иштеген жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн бекитилүү боюнча) буйругу

Редакция29.06.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 29-июну № 307-б

Казакстан Республикасына эт-сүт продукциясын экспорттоого байланыштуу маселелерди ыкчам чечүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына эт-сүт продукциясын экспорттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу иштеген жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына эт-сүт продукциясын экспорттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу иштеген жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн курамы жөнүндө Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигине маалымдасын.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов

 

 

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына эт-сүт продукциясын

экспорттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу

иштеген жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары, жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн жетекчиси.

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы директору;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин мал чарба продукциясын кайра иштетүү жана сатуу бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин малдын ден соолугу жана ассоциацияларды колдоо бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын техникалык регламент жана стандарт боюнча иштерди координациялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.