Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 28-февралы № 67-б
"2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Тиркелген "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча план (мындан ары - План) бекитилсин.
2. Планды ишке ашырууга тартылган министрликтер жана администрациялык ведомстволор Планда каралган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүүнү белгиленген мөөнөттөрдө камсыз кылышсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-февралындагы № 67-б буйругу менен бекитилген |
№ | Иш-чаралар | Мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар |
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби жөнүндө" токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | 2013-жылдын марты | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги |
2 | 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун балдарына жана жабыр тарткан адамдарга жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун биринчи кезекте берүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу | 2013-жылдын апрели | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик |
3 | 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында жабыр тарткан жарандарга алар ээлеген мамлекеттик жана коммуналдык турак жай фондунун турак жайларын жеке менчикке акысыз өткөрүп берүүнү караган "Кыргыз Республикасынын турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | 2013-жылдын апрели | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
4 | Жарандарды 2013-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын долбооруна төмөнкүлөрдү караган жоболорду киргизүү: - 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгон жарандардын балдарын акысыз текшерүүдөн өткөрүү жана медициналык жардам көрсөтүү; - 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды медициналык тейлөө жана жеңилдетилген медициналык камсыз кылуу | 2013-жылдын марты | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |