Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 15-апрели № 137-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 301 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды чыгарууну жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө", "Лицензиялоо жөнүндө", "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому менен бекитилген Медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдаланылган этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобого ылайык, техникалык жана башка максаттарда этил спиртин пайдалануучу чарбакер субъекттерди этил спирти менен камсыз кылуу максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 35-б буйругуна төмөнкү толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмесинде:
3-главада:
- төмөнкү мазмундагы элүү жетинчи - алтымыш биринчи абзацтар менен толукталсын:
"Манеж" ЖЧКсы
"Куликов торту" ЖЧКсы
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Кыргызагробиоборбору
Кара-Балта "Электр жылуулук менен камсыздоо жана суу менен камсыздоо" өндүрүштүк бирикмеси";
- акыркы абзацтагы "445" цифралары "450" цифраларына алмаштырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |