Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы N 301 токтому менен бекитилген |
Медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдаланылган этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-майындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо этил спиртин медициналык, ветеринардык жана башка максаттарда сатып алуу тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Алкоголь азыктарын өндүрүүдөн тышкарыда Кыргыз Республикасынын аймагында этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда сатып алуу квоталарды бөлүү жолу менен ишке ашырылат.
3. Квота саламаттык сактоо жана ветеринария субъекттери, ошондой эле этил спиртин техникалык максаттарда пайдалана турган субъекттер тарабынан этил спиртин жылдык керектөөнүн көлөмүн аныктайт.
4. Этил спиртин атайын керектөөчүлөр (мындан ары - атайын керектөөчүлөр) этил спиртин медициналык, ветеринардык максаттарга жана парфюмердик-косметикалык продукцияларды ченем чегинде өндүрүү үчүн пайдалануучу жактар болуп эсептелет, алардын тизмеги жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-майындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Этил спиртин атайын керектөөчүлөр жана техникалык максаттарга пайдалануучу субъекттер тарабынан сатып алуу этил спиртин өндүрүүчү ишканалардагы этил спиртин жана алкоголь жана спирттүү азыктарды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду ишке ашыруучу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) аныкталган жылдык квота көлөмдөрүндөгү билдирүүлөрдүн негизинде сатылат.
6. Алкоголь азыктарын өндүрүүчү үчүн керектөөчүлөрдүн этил спиртин сатып алуусу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген каттоо барактарынын негизинде каттоо барагында аныкталган көлөмдөрдө этил спиртин өндүрүүчү ишканаларда түздөн түз жүргүзүлөт.
7. Бул Жободо айтылган каттоо барагы, бул Жобонун 1-тиркемесине ылайык бекитилген форма боюнча этил спиртин өндүрүүчү ишканаларга аны сатууга укук берүүчү документ катары түшүнүлөт.
8. Каттоо барагын колдонуу мөөнөтү ал берилген күндөн тартып 30 күндү түзөт.
9. Этил спиртин сатып алуу квотасын тариздөөгө жана каттоо барактарын берүүгө этил спиртин керектөөчүлөрдөн акы алынбайт.
2. Этил спиртин керектөөгө квоталарды түзүү жана бөлүштүрүү тартиби
10. Этил спиртин керектөө квоталарынын жылдык көлөмү атайын керектөөчүлөрдүн жана спиртти техникалык максаттарда пайдалануучу субъекттердин кийинки жылга кварталдарга бөлүү менен мерчемделген этил спиртин керектөө көлөмдөрү жөнүндөгү арыздарынын негизинде ишке ашырылат.
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын 1-июндан кечиктирбестен жайгашкан жерин жана чыгарган продукцияларынын түрүн көрсөтүү менен этил спиртин өндүрүүчүлөр жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дарылык камсыздоо жана медициналык техника чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - дарылык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жөнөтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-майындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Атайын керектөөчүлөрдүн ушул Жобонун 2 жана 3-тиркемелерине ылайык форма боюнча негизделген эсептөөлөрү менен этил спиртин сатып алууга берген арыздары медициналык муктаждыктар үчүн - дарылык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ветеринардык муктаждыктар үчүн - ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, парфюмердик-косметикалык продукцияларды өндүрүүнүн муктаждыктары үчүн - мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө берилет.
Этил спиртин техникалык максаттарга пайдалануучу субъекттердин ушул Жобонун 2-тиркемесине жана 3-тиркемесине ылайык формада негизделген эсептөөлөрү менен арыздары үстүдөгү жылдын 1-декабрына чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-майындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Дарылык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кийинки жылга атайын керектөөчүлөргө этил спиртин керектөө көлөмдөрү боюнча жыйынтыкталган арыздарды ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык формада 1-декабрдан кечиктирбестен беришет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-майындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Атайын керектөөчүлөрдүн жана этил техникалык жана башка максаттарга пайдалануучу керектөөчүлөрдүн чогуу тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзөт жана бекитет.
15. Арыздардын түшүүсүнө жараша, бирок бир айда бир жолудан ашык эмес атайын керектөөчүлөрдүн жана этил спиртин техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу объекттердин чогуу тизмесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө уруксат берилет.
3. Атайын керектөөчүлөргө жана этил спиртин техникалык максаттарга пайдалануучу субъекттерге этил спиртин берүү же аны берүүдөн баш тартуу тартиби
16. Этил спиртин алуу үчүн атайын керектөөчүлөр жана этил спиртин техникалык максаттарга пайдалануучу субъекттер этил спиртин өндүрүүчү ишканалар менен этил спиртин берүүгө келишимдер түзүшөт жана таризделген спиртти берүү жөнүндө арыз менен кайрылышат.
17. Этил спиртин берүүдөн баш тартууга төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:
- этил спиртин өндүрүүчү ишкана менен этил спиртин берүү келишиминин жоктугу;
- этил спиртин өндүрүүчү ишкананын тийиштүү лицензиясынын жоктугу;
- этил спиртин өндүрүүчү ишкананын же алкоголдук азыкты өндүрүүчү ишкананын тийиштүү лицензиясынын ишин токтото туруу же аны алып коюу;
- этил спиртин медициналык, ветеринардык жана техникалык максаттарга сатып алууга белгиленген квоталарынан ашып кетүү;
- этил спиртин туура эмес багытта пайдалануу фактысы белгиленгенде (бул факт Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте белгиленген учурда).
Этил спиртин берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим негиздүү болууга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан керектөөчүлөргө бир жумуш күндүн ичинде берилүүгө тийиш.
4. Каттоо барагын берүү, аны берүүдөн баш тартуу жана аны кайтарып алуу тартиби
18. Каттоо барагын алуу үчүн этил спиртин алкоголдук азыктарды өндүрүү үчүн пайдалануучу керектөөчүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөндөгүлөрдү беришет:
- ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча каттоо барагын берүү жөнүндөгү арызды;
- этил спиртин өндүрүүчү ишкана менен этил спиртин берүү келишиминин көчүрмөсүн.
19. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоо барагын катталган күндөн тартып бир иш күндө карайт жана берет.
20. Каттоо барагын берүүдөн баш тартууга же аны кайтарып алууга төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:
- этил спиртин өндүрүүчү ишкана менен этил спиртин берүү келишиминин көчүрмөсүнүн жоктугу;
- этил спиртин өндүрүүчү ишкананын же алкоголь азыгын өндүрүүчү ишкананын тиешелүү лицензиясынын жоктугу;
- этил спиртин өндүрүүчү ишкананын же алкоголь азыгын өндүрүүчү ишкананын тиешелүү лицензиясынын ишин токтотуу же аны кайтарып алуу;
- этил спиртин туура эмес багытта пайдалануу фактысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте белгиленген учурда.
Каттоо барагын берүүдөн баш тартуу чечими негизделип, арыз ээсине бир иш күндүн ичинде ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан кат жүзүндө маалымдалууга тийиш.
21. Этил спиртин алууга берилген каттоо барагынын иш аракети төмөндөгү жагдайларда токтотулат:
- каттоо барагы берилген мөөнөт аяктаганда;
- каттоо барагы берилген этил спирти толук көлөмдө пайдаланылганда;
- этил спиртин керектөөчү өзгөртүлүп түзүлгөндө же жоюлганда.
5. Корутунду жоболор
22. Өндүрүүчү ишканаларда этил спиртин берүүгө, ошондой эле этил спиртин техникалык максаттарда максаттуу пайдаланууга контролду ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
23. Этил спиртин өндүрүүчү ишканалар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген спирт боюнча күн сайын маалымат жөнөтүп турушат.
24. Этил спиртин медициналык, ветеринардык максаттарда жана парфюмердик-косметикалык продукцияларды өндүрүү максаттарында пайдаланууга контролду тиешелүүлүгүнө жараша дарылык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган компетенциясынын алкагында жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-майындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Пайдаланылбай калган квоталардын көлөмү кийинки жылга өткөрүлбөйт.
26. Дарылык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле этил спиртин техникалык максаттарга жана парфюмердик-косметикалык продукцияларды өңдүрүү үчүн пайдалануучу субъекттер квартал сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык формада этил спиртин пайдалануу жөнүндө отчет берип турушат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-майындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Отчеттор отчеттук айдан кийинки ар бир айдын 15-күнүнөн кечиктирилбестен берилет.
28. Дарылык камсыздоо департаменти жана Мамлекеттик ветеринария департаменти алардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берген отчетторундагы маалыматтардын аныктыгына жооп беришет.
29. Этил спиртин тиешелүү каттоо барагы жок же ушул Жобонун талаптарын бузуу менен сатуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген жоопкерчиликке кириптер кылат.
|
| Этил спиртин медициналык, ветеринардык жана башка максаттарда сатып алуу тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Этил спиртин берүүгө КАТТОО БАРАГЫ N
20__-ж. "____" __________ Бишкек ш.
__________________________________________________________________
(этил спиртин өндүрүүчү уюмдун аталышы)
____________________________________________________________________
(юридикалык дареги, жайгашкан жери)
___________________________________________________ ишке ашыруу үчүн
(этил спиртин сатып алуу максаты)
__________________________________________________________ көлөмдөгү
(акциз салыгын төлөбөстөн)
______ литр __________________________________ этил спиртин сатууга уруксат берилет
____________________________________________________________________
(этил спиртинин сорту)
____________________________________________________________________
(этил спиртин керектөөчүнүн аталышы)
____________________________________________________________________
(юридикалык дареги, жайгашкан жери)
Каттоо барагынын иш аракет мөөнөтү 30 күн
(Кызматы, аты-жөнү, колу)
М.О.
|
| Этил спиртин медициналык, ветеринардык жана башка максаттарда сатып алуу тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
|
| "Бекитемин" |
|
| _________________________ директору (юридикалык жактын аталышы) |
|
| ____________________________ (Аты-жөнү, колу) |
|
| 20__-ж. "___" ________________ |
Иштерди жана кызматтарды өткөрүүгө этил спиртин коротуу ЧЕНЕМИ
N | Иштердин жана кызматтардын аталышы | Этил спиртин чыгымдоо ченемдери 1 бир. (литр) | Ченемдик документке шилтеме |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Колу _______________________
(жооптуу жактын)
|
| Этил спиртин медициналык, ветеринардык жана башка максаттарда сатып алуу тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
20__-жылга карата _____________________________________ боюнча (юридикалык жактын аталышы) этил спиртин керектөө ЭСЕБИ
N | Иштердин жана кызматтардын аталышы | Бир жылдагы иштердин жана кызматтардын саны | 1 бирдикке этил спиртин чыгымдоо ченеми (литр) | Бир жылга этил спиртин керектөө (литр) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(Кызматы, аты-жөнү, колу)
М.О.
|
| Этил спиртин медициналык, ветеринардык жана башка максаттарда сатып алуу тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
20__-жылга карата акциздик салыкты төлөбөстөн этил спиртин алууга укуктуу атайы керектөөчүлөрдүн ТИЗМЕСИ
N | Уюмдун аталышы | Дареги | Этил спиртин өндүргөн ишкананын аталышы | Этил спиртинин сорту | Этил спиртин берүүгө түзүлгөн келишимдин номери жана күнү | Керектелүүчү көлөм (литр) | I квартал (литр) | II квартал (литр) | III квартал (литр) | IV квартал (литр) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(Кызматы, аты-жөнү, колу)
М.О.
|
| Этил спиртин медициналык, ветеринардык жана башка максаттарда сатып алуу тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме |
|
| Этил спиртин жана алкоголь жана спирттик азыктарын өндүрүүгө жана жүгүртүүгө мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган _________________________________ _________________________________ (Жактын аталышы) |
АРЫЗ
______________________________________________________ ишке ашыруу үчүн
(этил спиртин сатып алуу максаты)
_______________________________________________________________________
(юридикалык дареги, жайгашкан жери)
_______________________________________________________________________
(этил спиртин өндүргөн уюмдун аталышы)
_____________________________________________________ литр көлөмүндөгү
______________________________________________________________________
(этил спиртинин сорту)
этил спиртин сатып алууга каттоо барагын берүүңүздү суранам.
20__-ж. "______" ______________ |
| __________________ (колу) |
|
|
|
|
| Кат. N _ 20___-ж. "____" _________________ |
|
| Этил спиртин медициналык, ветеринардык жана башка максаттарда сатып алуу тартиби жөнүндө жобого 6-тиркеме |
20__-жылдын ____ кварталына этил спиртин медициналык, ветеринардык жана техникалык максаттарда пайдалануу жөнүндө ОТЧЕТ
N | Уюмдун аталышы | Дареги | Бөлүнгөн квотанын көлөмү (литр) | Отчеттук мезгилге белгиленген квота (литр) | Этил спиртин алуу фактысы (литр) | Этил спиртинин калдыгы (литр) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(Кызматы, аты-жөнү, колу)
М.О.