Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 26-июлу № 302-б
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Кыргызстандын көрүнүктүү акыны жана драматургу Райкан Шүкүрбековдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чаралар планын иштеп чыксын жана өткөрсүн.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү боюнча чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июлундагы № 302-б буйругуна тиркеме |
Сарпашев Тайырбек Дүйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Раев Султан Акимович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Садыков Канат Жалилович | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Курманалиева Койсун Аблабековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Усубакунова Айгүл Ильясовна | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Төрөкулов Чолпонкул Асылбекович | - | Талас облусунун Кара-Буура районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Жээнчороев Кубаныч Смаилович | - | Талас облусунун Кара-Буура районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасы; |
Жакиев Бексултан Жакиевич | - | "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча); |
Дүйшеев Шайлообек Дүйшеевич | - | Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча); |
Абыкеев Чолпонбек | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Өмүрканов Анатай | - | Кыргыз Республикасынын эл акыны (макулдашуу боюнча); |
Рыспаев Жолочу | - | сатирик (макулдашуу боюнча); |
Момбеков Рыскелди Чыныбекович | - | "Учкун" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев Кубат Табылдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Абдырахман уулу Шайырбек | - | Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - "ЭлТР" телерадиоберүү компаниясынын башкы директору; |
Орунбеков Бакытбек Орунбекович | - | "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Осмонов Манас Орозбаевич | - | "Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору; |
Үсөнбаев Мир Алымкулович | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору; |
Алышпаев Марат Үсөналиевич | - | Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору. |