РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июлундагы № 302-б (Уюштуруу комитети түзүлүшү боюнча) буйругу

Редакция26.07.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 26-июлу № 302-б

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Кыргызстандын көрүнүктүү акыны жана драматургу Райкан Шүкүрбековдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү максатында:

1. Уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чаралар планын иштеп чыксын жана өткөрсүн.

3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү боюнча чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде ишке ашырылсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июлундагы № 302-б буйругуна тиркеме

 

Кыргызстандын көрүнүктүү акыны жана драматургу Райкан Шүкүрбековдун

туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларга

даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ

 

Сарпашев Тайырбек Дүйшекеевич

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Раев Султан Акимович

-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Садыков Канат Жалилович

-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Курманалиева Койсун Аблабековна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Усубакунова Айгүл Ильясовна

-

Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);

Төрөкулов Чолпонкул Асылбекович

-

Талас облусунун Кара-Буура районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;

Жээнчороев Кубаныч Смаилович

-

Талас облусунун Кара-Буура районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасы;

Жакиев Бексултан Жакиевич

-

"Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);

Дүйшеев Шайлообек Дүйшеевич

-

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);

Абыкеев Чолпонбек

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Өмүрканов Анатай

-

Кыргыз Республикасынын эл акыны (макулдашуу боюнча);

Рыспаев Жолочу

-

сатирик (макулдашуу боюнча);

Момбеков Рыскелди Чыныбекович

-

"Учкун" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

Оторбаев Кубат Табылдиевич

-

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Абдырахман уулу Шайырбек

-

Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - "ЭлТР" телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;

Орунбеков Бакытбек Орунбекович

-

"Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактор;

Осмонов Манас Орозбаевич

-

"Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору;

Үсөнбаев Мир Алымкулович

-

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору;

Алышпаев Марат Үсөналиевич

-

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору.