РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июлундагы № 303-б (Уюштуруу комитети түзүлүшү боюнча) буйругу

Редакция26.07.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 26-июлу № 303-б

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси Таштанбек Акматовдун 75 жылдык мааракесине арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү максатында:

1. Уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Уюштуруу комитети Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы өкүлчүлүктөрү менен бирдикте 2013-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө мааракелик иш-чараларга даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн планын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жана агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июлундагы № 303-б буйругуна тиркеме

 

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Таштанбек Акматовдун туулгандыгынын

75 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларга даярдык

көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ

 

Сарпашев Тайырбек Дүйшекеевич

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Узакбаев Чынгысбек Макишевич

-

Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Каптагаев Эмилбек Саламатович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Турсунбеков Чыныбай Акунович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "КСДП" депутаттык фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Исаков Эсенгул Байдалиевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Самаков Карганбек Садыкович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Узакбаев Талант Макишевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович

-

Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

Суранчиев Абдулда Шергазиевич

-

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Сагинбаева Динара Зарлыковна

-

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;

Осмоналиев Самир Кушайынович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы;

Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Керимов Памир Насыранбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору;

Койлубаев Абабакир Койлубаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн эксперти;

Рыспаев Бакыт Келгенбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрация башчысы - аким;

Рысалиев Молдобек Рысалиевич

-

Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер (макулдашуу боюнча);

Арабаев Калыбек Арабаевич

-

Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер (макулдашуу боюнча);

Оторбаев Кубат Табылдиевич

-

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Абдырахман уулу Шайырбек

-

Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" - "Коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;

Орунбеков Бакытбек Орунбекович

-

"Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактор;

Осмонов Манас Орозбаевич

-

"Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору.