Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 5-августу № 320-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 732 "Кыргыз Республикасында илбирсти сактоонун 2013-2023-жылдарга карата улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомунун 2-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасында илбирсти сактоонун 2013-2017-жылдарга карата улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин тиркелген планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана администрациялык ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча) жыл сайын 10-апрелге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине Иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчан турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Иш-аракеттер планын ишке ашырууну координацияласын жана мониторингдесин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 320-б буйругу менен бекитилген |
№ | Иш-чаранын аталышы | Ишке ашыруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар | Бюджети, сом. | Каржылоо булактары | Ишке ашыруу формасы | Күтүлгөн натыйжалар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
I. Илбирс жашаган жерлерди жана анын тамактануу базасын изилдөө. Илбирсти сактоонун чаралары | |||||||
1 | Фотокармагыч аркылуу идентификациялоо жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагындагы илбирстин популяциясынын санына мониторинг жүргүзүү | 2014-2017-жылдар | Токой агенттиги, УИА (макулдашуу боюнча), УСК (макулдашуу боюнча), КОРС (макулдашуу боюнча), аңчылыктан пайдалануу- чулар (макулдашуу боюнча) | 8041000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Биргелешкен мониторинг жүргүзүүчү топторду түзүү | Статистикалык отчетторго Кыргыз Республикасынын аймагындагы илбирстин саны боюнча маалыматтарды киргизүү |
2 | Сынамык ӨКЖАда илбирстин суткалык активдүүлүгүн жана миграциясын спутниктик шакекчелерди колдонуу менен изилдөө жана байкоо | 2015-2017-жылдар | Токой агенттиги. УИА (макулдашуу боюнча) | 7095000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Жумушчу топ түзүү, биргелешкен долбоорду ишке ашыруу | Статистикалык отчеттордо Кыргыз Республикасынын аймагындагы илбирстин популяциясы боюнча маалыматтарды киргизүү |
3 | Илбирстин локалдык популяцияларын байланыштырып туруучу негизги миграциялык коридорлорду аныктоо | 2015-2017-жылдар | Токой агенттиги, УИА (макулдашуу боюнча) | 2365000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Жумушчу топ түзүү, биргелешкен долбоорду ишке ашыруу | Токой агенттиги тарабынан илбирстин миграциялык коридорлорунун карта-схемаларын бекитүү |
4 | Популяциянын статусун аныктоо жана проблемаларды билдирүү үчүн илбирске генетикалык анализ жасоо | 2015-2017-жылдар | Токой агенттиги, УИА (макулдашуу боюнча) | 5000000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражатта- ры | Жумушчу топ түзүү | Токой агенттигинин "Илбирстин популяциясынын генетикалык статусу жана анын абалына таасир этүүчү негизги коркунучтардын алдын алуу боюнча иш-чаралардын комплекси жөнүндө" буйругу |
5 | ӨКЖАнын кызматкерлери үчүн илбирсти жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген сейрек жана жок болуп бараткан жаныбарлардын башка түрлөрүн сактоо боюнча окутуучу тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү | 2014-2015-жылдар | Токой агенттиги, УИА (макулдашуу боюнча) | 449350 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында окутуучу тренингдерди өткөрүү | Токой агенттигинин буйругу менен ӨКЖА кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча окутууларды өткөрүүнүн планын бекитүү |
6 | Кен казуучу компаниялардын уруксат берилген ишинин натыйжасында илбирстин жашоосунун жана анын тамактануу базасынын ареалында келтирилген зыяндын же жоготуулардын ордун толтуруу түрүндөгү компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө | 2014-2015-жылдар | Токой агенттиги, Геология агенттиги, УИА (макулдашуу боюнча) | 100000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, ПРООН, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Жумушчу топ түзүү, консультанттарды тартуу, долбоорду ишке ашыруу | Кен казуучу компаниялардын уруксат берилген ишинин натыйжасында илбирстин жашоосунун жана анын тамактануу базасынын ареалында келтирилген зыяндын же жоготуулардын ордун толтуруу түрүндөгү компенсациялык төлөмдөрдү белгилеген ченемдик укуктук акты иштелип чыгып жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген |
7 | ӨКЖАнын илбирстин жашоо ареалын түзгөн тийиштүү зоналары бар жерлерин Кыргыз Республикасынын жер фондунун башка категориядагы жерлерине которууга тыюу салуу | 2015-2016-жылдар | Токой агенттиги, МКК, Геология агенттиги, УИА (макулдашуу боюнча) | 100000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, ПРООН, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Жумушчу топ түзүү, консультанттарды тартуу, долбоорду ишке ашыруу | "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолорду (өзгөртүүлөрдү) жана ченемдерди киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты |
8 | Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин, анын ичинде илбирстин жана глобалдык жоголууда турган түрлөрдүн миграциялык жолдорун, коридорлорун жана жашаган жерлерин коргоонун чараларын камсыздоо боюнча ченемдерди белгилөө | 2014-2016-жылдар | Токой агенттиги, УИА (макулдашуу боюнча) | 450000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, ПРООН, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Жумушчу топ түзүү, консультанттарды тартуу, долбоорду ишке ашыруу | "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө" жана "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди |
9 | Сарычат-Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругунун мисалында ӨКЖАларды башкаруунун натыйжалуулугун баалоонун мамлекеттик тутумун иштеп чыгуу | 2014-2017-жылдар | Токой агенттиги, УИА (макулдашуу боюнча) | 1500000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, ПРООН, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Жумушчу топ түзүү | Сарычат-Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругунун мисалында ӨКЖАларды башкаруунун натыйжалуулугун баалоонун мамлекеттик тутумун бекитүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын долбоору иштелип чыккан, ал Кыргыз Республикасынын башка ӨКЖАларына жайылтылат |
10 | Келечекте трансчегаралык мааниде боло турган, илбирс мекендеген - "Алай", - "Хан-Теңир" мамлекеттик жаратылыш парктарынын чек араларын тактоо жана уюштуруу | 2014-2015-жылдар | Токой агенттиги, УИА (макулдашуу боюнча), МКК, Чоң-Алай жана Ак-Суу РМА | 1500000 1500000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Жумушчу топ түзүү | "Алай мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү жөнүндө" жана "Хан-Теңир мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун долбоорлору иштелип чыкты |
| Бардыгы: |
|
| 28100350 |
|
|
|
II. Биологиялык түрлөрдү жана илбирсти сактоо маселелерин уюштуруу жана башкаруу тутумун өркүндөтүү | |||||||
1 | Илбирсти анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген түрлөрдү сактоодо болуп жаткан кемчиликтерди табуу үчүн ченемдик укуктук базаны инвентаризациялоо | 2014-жыл | Токой агенттиги, УИА (макулдашуу боюнча) | - | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде | Жумушчу топ түзүү | Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө долбоорлор иштелип чыкты |
2 | Илбирсти жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген түрлөрдү, анын ичинде дериваттарын мыйзамсыз алгандыгы жана саткандыгы үчүн алардын жашына карабастан администра- циялык жана кылмыштык жоопкерчиликти күчөтүү: - илбирстин терисин жана анын дериваттарын демонстрациялагандык, тартуулагандык, кийим жана буюмдарды жасагандык үчүн айыптык санкцияларды киргизүү; - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин тиркемелерине (CITES) киргизилген жаныбарларды мыйзамсыз кармап жана атып алгандыгы үчүн эркинен ажыратууну караштырган беренени киргизүү | 2014-2015-жылдар | Токой агенттиги, УИА (макулдашуу боюнча) | 237500 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, ПРООН, эл аралык донор уюмдардын грант каражатта- ры | Жумушчу топ түзүү, консультанттарды тартуу, долбоорду ишке ашыруу | Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору эл аралык практиканы эске алуу менен иштелип чыкты. Кыргыз Республикасынын аталган мыйзамдарынын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө жактырылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилди |
3 | Жаныбарлардын айрым түрлөрүнүн, анын ичинде илбирстин жана анын тамактануу базасынын объектилеринин санын статистикалык бирдиктүү эсепке алуунун тутумун кайра карап чыгуу | 2015-2016-жылдар | Токой агенттиги, УСК (макулдашуу боюнча) УИА (макулдашуу боюнча) | 500000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, ПРООН, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Жумушчу топ түзүү, консультанттарды тартуу, долбоорду ишке ашыруу | Статистикалык маалымат- тарды эсепке алуунун жана топтоонун бирдиктүү тутумуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караштырган ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу |
4 | Илбирске мониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү тутумунун методикасын иштеп чыгуу | 2015-2016-жылдар | УИА (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги | 332500 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, ПРООН, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Жумушчу топ түзүү, консультанттарды тартуу, долбоорду ишке ашыруу | Илбирске мониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү тутумунун методикасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысын иштеп чыгуу |
5 | Илбирс мекендеген аймактарда браконьерлерге каршы иштерди күчөтүү үчүн биргелешкен операциялык топторду түзүү | 2014-2017-жылдар | Токой агенттиги, ЭжТКМИ, ИИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 8930000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Жумушчу топ түзүү | Мамлекеттик органдар арасында "Илбирс мекендеген аймактарда браконьерлерге каршы иштерди күчөтүү үчүн биргелешкен операциялык топторду уюштуруу жөнүндө" меморандум түзүлдү |
6 | Экологиялык коммерциялык эмес уюмдардын, жергиликтүү элдин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын илбирсти сактоо боюнча маалымдуулугун күчөтүү | 2014-2017-жылдар | Токой агенттиги | 212850 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Жумушчу топ түзүү | Экологиялык коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү элдин активисттери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн тренингдерди жана тегерек үстөлдөрдү уюштуруу жана өткөрүү |
7 | Илбирсти сактоо боюнча бүткүл дүйнөлүк форумда көрсөтүү үчүн илбирс жөнүндө документтүү фильм тартуу жана даярдоо | 2013-жыл | Токой агенттиги, КТРК (макулдашуу боюнча), "Германиянын жаратылышты коргоо коомунун" (NABU) Кыргызстандагы филиалы (макулдашуу боюнча) | 946000 | Эл аралык донор уюмдардын гранттары | Жумушчу топ түзүү | Илбирс жөнүндө документтүү фильмди Илбирсти сактоо боюнча бүткүл дүйнөлүк форумда жана Кыргыз Республикасында көрсөтүү үчүн кабарлоо |
8 | Жергиликтүү элди илбирсти жана ал мекендеген жерлерди сактоонун проблемаларына тартуу | 2015-2017-жылдар | Токой агенттиги, Этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 898700 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Жумушчу топ түзүү | Мектеп окуучуларынын жана жергиликтүү элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында "Илбирстин достору" топтору түзүлгөн |
9 | Илбирсти сактоону пропагандалоо үчүн мектеп окуучулары арасында конкурстарды уюштуруу | 2015-2017-жылдар | Токой агенттиги, БИМ | 800000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Жумушчу топ түзүү | БИМнин мектеп жашындагы балдар үчүн иш-чараларды өткөрүүнүн Токой агенттиги менен биргелешкен планын бекитүү |
10 | Сейрек кездешүүчү түрлөрдү коргоону пропагандалоо үчүн открыткаларды буклеттерди, почта маркаларын чыгаруу | 2014-2016-жылдар | Транскоммин, УИА (макулдашуу боюнча) | 250000 | FFI, WWF, NABU каражаттары | Жумушчу топ түзүү открыткаларды, буклеттерди, почта маркаларын чыгаруу | Открыткалардын, буклеттердин, почта маркаларынын мазмундары жана дизайны Транскомминдин буйругу менен бекитилди |
11 | Илбирс мекендеген аймакка жакын калктуу конуштарда, чек ара заставаларында биологиялык түрлөрдү сактоо боюнча тематикалык көчмө көргөзмөлөрдү уюштуруу | 2015-2017-жылдар | Токой агенттиги, УИА (макулдашуу боюнча) | 600000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Жумушчу топ түзүү | Токой агенттигинин буйругу менен Көчмө көргөзмөлөрдү уюштуруу планы бекитилди |
| Бардыгы: |
|
| 13707550 |
|
|
|
III. Эл аралык кызматташуу | |||||||
1 | Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда трансчегаралык ӨКЖА түзүү | 2015-2016-жылдар | Токой агенттиги УИА (макулдашуу боюнча), "Германиянын жаратылышты коргоо коомунун" (NAВU) Кыргызстандагы филиалы (макулдашуу боюнча) | 825900 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, ФРГнын, Экономикалык кызматташуу боюнча федералдык министрлигинин инвестициялары | Жумушчу топ түзүү, "Түндүк Тянь-Шань тоолорунун, трансчегара регионунда биологиялык түрлөрдү коргоо" долбоорун ишке ашыруу | "Мамлекеттер аралык транс-чегаралык ӨКЖА түзүү жөнүндө эки тараптуу макулдашууну жактыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыкты |
2 | Мамлекеттер аралык жана эл аралык деңгээлде илбирсти сактоо боюнча өнөктүк мамилелерди түзүү жана чыңдоо | 2014-2017-жылдар | Токой агенттиги | 1300000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Жумушчу топ түзүү | Илбирсти сактоо боюнча глобалдык программа жана Бишкек декларациясы жөнүндө меморандумду түзүү |
3 | Илбирсти сактоо боюнча эл аралык тажрыйба жана илбирс мекендеген өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдары менен таанышуу | 2014-2017-жылдар | Токой агенттиги, УИА (макулдашуу боюнча) | 800000 | Токой агенттигине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде, эл аралык донор уюмдардын грант каражаттары | Жумушчу топ түзүү | Илбирс жашаган өлкөлөргө иш сапарларды уюштуруу |
| Бардыгы: |
|
| 2925900 |
|
|
|
| ЖЫЙЫНТЫГЫ: |
|
| 44733800 |
|
|
|
Токой агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги; |
Геология агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик; |
Этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өз алдынча башкаруу органдары жана этностор аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттик; |
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы; |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
Транскоммин | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги; |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети; |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; |
ӨКЖА | - | өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар; |
УИА | - | Улуттук илимдер академиясы; |
КТРК | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясы; |
КОРС | - | "Кыргызохотрыболовсоюз" коомдук уюму; |
FFI | - | Fauna & Flora International; |
NABU | - | Nature and Biodiversity Conservation Union Германиянын жаратылышты коргоо уюму; |
SLT | - | Snow Leopard Trust - Илбирсти коргоо фонду; |
WWF | - | World Wildlife Foundation - Жаратылышты коргоонун дүйнөлүк фондусу; |
CITES | - | жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча конвенция; |
ПРООН | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү программасы. |