Загрузка документа…
Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 732 токтому менен бекитилген |
2013-2023-жылдары Кыргыз Республикасында илбирсти сактоонун УЛУТТУК СТРАТЕГИЯСЫ
Киришүү
Кыргыз Республикасында илбирсти сактоонун улуттук стратегиясын (мындан ары - Стратегия) иштеп чыгуунун негизи болуп төмөнкүлөр саналат: Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенция, "Кыргыз Республикасынын Экологиялык коопсуздугунун концепциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 506 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экологиялык коопсуздугунун концепциясы, Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын төртүнчү улуттук отчету, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте Мыйзамдуу күчүнө кирген эл аралык келишимдер.
Стратегия Кыргыз Республикасында биологиялык ар түрдүүлүктү жана илбирстин популяцияларын өнүктүрүүнүн динамикасына жана татаалдыгына таянуу менен турмушка ашыруунун 2013-жылдан тартып 2023-жылга чейинки мезгилдеги он жылдык мөөнөтүн камтыйт. Стратегия илбирсти сактоо жагынан Кыргызстандын саясатынын принциптерин, артыкчылыктарын жана негизги багыттарын аныктайт. Анын негизинде Иш-аракеттердин планы - Кыргыз Республикасында илбирсти сактоо боюнча конкреттүү чаралардын жана иш-чаралардын системасы жана комплекси иштелип чыгууда.
Стратегия жумушчу жолугушууларда жана "тегерек столдордун" жыйналыштарында талкуулоонун, тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун, академиялык институттардын жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнүн, коомчулуктун жана көз карандысыз эксперттердин, "Германиянын жаратылышты коргоо Союзунун" (мындан ары - №ABU), британдык "Фауна энд Флора Интернэшнл" (мындан ары - FFI) жаратылышты коргоо уюмунун, "Илбирс боюнча тармактын" (мындан ары - SL№), "Илбирсти сактоо боюнча эл аралык фонддун" (мындан ары - SLТ) жана "Алейне" экологиялык кыймылынын катышуусу менен даярдалган материалдарды карап чыгуунун жана экспертизалоонун натыйжалары боюнча иштелип чыкты.
Кыргызстан эгемендүү мамлекет жана эл аралык укуктун субъекти катары Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга 1996-жылы Кыргыз Республикасынын тиешелүү Мыйзамына ылайык кошулду, бул эл аралык шериктештиктин алдында белгилүү милдеттерди жүктөйт.
Улуттук отчетторду даярдоо менен катар Биологиялык ар түрдүүлүктү, анын ичинде глобалдык түрдө жок болуп бараткан түрлөрдү сактоо боюнча стратегияны иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциянын тараптарынын ар биринин негизги милдеттенмелеринин бири болуп саналат.
Кыргызстан илбирсти жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо көйгөйлөрүнө тиешелүү көп тараптуу конвенциялар жана макулдашуулар боюнча эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат, алардын негизги милдеттери - улуттук көз караштан алганда артыкчылыктуу иш-чараларды камсыз кылуу үчүн эл аралык иштерди оптималдаштыруу.
Буга байланыштуу, Кыргызстан төмөнкүдөй Конвенцияларга кошулган:
- чөлгө айланууга каршы күрөшүү жөнүндө;
- жок болуп кетүү коркунучу астында турган фаунанын жана флоранын түрлөрүн эл аралык соодалоо жөнүндө (СИТЕС);
- Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясы (РКИК);
- ЮНЕСКОнун Табигый жана маданий мурасты коргоо жөнүндө.
2001-жылдын февралында SLТ Илбирсти сактоо боюнча стратегияны иштеп чыгууну демилге кылды. 2006-жылы FFI Бишкек шаарында илбирс боюнча конференцияны уюштурууга көмөктөштү, ал Борбордук Азияда илбирс боюнча биринчи эл аралык иш-чара болуп калды, анда региондогу илбирстин популяциясынын негизги тобокелдиктери жана коркунучтары аныкталды.
2008-жылдын февралында SLТ, "Дүйнөлүк жаратылышты коргоо коому" (WCS) жана америкалык "Pa№thera" уюму Кытайдын Пекин шаарында илбирс боюнча Глобалдык саммитти уюштурду, анда илбирсти сактоо боюнча глобалдык көз караш баяндалды. Бул саммиттен кийин SLT Кыргызстанда илбирсти сактоо үчүн негизги коркунучтар боюнча жолугушуу өткөрдү. Ошол эле жылы №ABU Кыргызстанда илбирсти сактоонун улуттук стратегиясын иштеп чыгуунун алгачкы аракетин жасады.
Кыргыз Республикасында илбирсти сактоо боюнча Улуттук стратегияны жана иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу үчүн 2012-жылдын майында FFI, SL№ жана "Pa№thera" уюмунун көмөгү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - КЧКжТЧМА) колдоосу аркасында бардык таламдаш тараптардын катышуусу менен ачык жолугушуу уюштурулду.
Бул иш-чаранын алкагында КЧКжТЧМАнын, №ABU, FFI, SLT, "Алейненин", Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрүн камтыган жумушчу топ түзүлгөн, алардын биргелешкен ишинин натыйжасы болуп ушул Стратегия саналат.
Стратегиянын максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргызстанда илбирстин санын жана жашоо чөйрөсүн сактоо жана калыбына келтирүү.
Стратегиянын негизги милдеттери:
- илбирске жана анын тамактануу базасына (жапайы туяктуу жаныбарлар) браконьерликтин деңгээлин төмөндөтүү;
- "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бийик тоолуу жайыттарды пайдаланууну жөнгө салуу;
- кен казып алуу өнөр жайынын курчап турган чөйрөгө терс таасирин төмөндөтүү;
- биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун алкагында илбирсти сактоо боюнча Мыйзамдык, институционалдык жана экономикалык базаны өркүндөтүү;
- илбирсти сактоо жөнүндө маалыматтарды таратуу;
- илбирстин абалын изилдөө жана мониторинги боюнча программаларды өнүктүрүү;
- илбирсти ишенимдүү коргоо үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (мындан ары - ӨКЖА) тармагын кеңейтүү жана ишин оптималдаштыруу;
- илбирс тукумдап жана орун которуштуруп жаткан мезгилде аны ишенимдүү коргоону камсыз кылуу.
1. Кырдаалды талдоо
Илбирсти изилдөөнүн тарыхы
XVIII кылымда кыргыз Тянь-Шанына келген алгачкы изилдөөчүлөрдүн күндөлүктөрүндөгү айрым жазууларда аскалардагы илбирстерди кезиктирүүлөр сүрөттөлөт. XX кылымдын ортосуна чейин Кыргызстанда илбирс иш жүзүндө изилденбеген түр болуп кала берген. Илбирс тууралу 1969-жылы (Айзин Б.М. жана Шукуров Э.Дж.) чыккан Кыргызстандын аңчылык-промыслолук айбанаттары жөнүндө китепте көрсөтүлгөн. Өткөн кылымдын 70-жылдарында Чичикин Ю.Н., Гейц А.В. Кыргызстандагы илбирстин популяциясын болжолдоп санаган. Үзүл-кесил маалыматтарга таянып, алар өлкөдөгү популяциянын алгачкы санын чыгарган.
1973-жылы А.И.Янушевичтин жетекчилиги менен жана авторлор жамааты тарабынан чыгарылган "Кыргызстандын сүт эмүүчүлөрү" китебинде, ал эми 1989-жылы Э.Дж.Шукуров тарабынан түрдүн биологиясы жана өлкөнүн чегинде анын таралышы кыскача баяндалган.
Өткөн кылымдын 80-жылдарында Е.П.Кошкарев түрдүн биологиясына жана анын таралышына тиешелүү бир катар илимий макалаларды жарыялаган. 1981-жылдан тартып 1988-жылга чейинки мезгилде Борбордук Тянь-Шанда чогултулган өзүнүн иш жүзүндөгү материалына таянып, ал 1989-жылы "Кыргызстандагы илбирс" деген монографияны чыгарган. Монографияда ал популяциянын болжолдуу санын чыгарган жана илбирске таасир эткен негизги факторлорду жана коркунучтарды ийне-жибине чейин талдаган.
90-жылдары экспедицияларды жүргүзүүгө каражаттын жоктугунун айынан өлкөдө түрдү изилдөө токтоп калган.
2000-жылы Е.П.Кошкарев өзү изилдеген аймактарга барып жана сурамжылоо маалыматтарына таянып, түрдүн санын жана популяциясынын абалын кайрадан карайт.
Ошол эле жылдары түрдү жана анын тамактануу базасын айрым жергиликтүү изилдөөлөр ӨКЖАда башталган.
Кыргызстандагы илбирстин популяциясынын абалы
Азыркы учурда Кыргызстандагы илбирстин саны боюнча ишенимдүү маалыматтар жок, анткени атайын эсепке алуу жүргүзүлгөн эмес. Ички жана Борбордук Тянь-Шандын чек арасындагы Сарычат-Эрташ жана башка мамлекеттик жаратылыш коруктарындагы илбирстин саны боюнча, генетикалык материалды изилдөөнүн негизинде алынган маалыматтар гана бар. Бул маалыматтар боюнча Сарычат-Эрташ мамлекеттик жаратылыш коругунун чектеринде илбирстин жыштыгы 1 чарчы километрде 0,02 илбирске жетет деп эсептөөгө болот. Бул салыштырмалуу жогорку жыштык, ал корук аймагында алынган жана республикадагы илбирстин ареалынын бардык калган бөлүктөрүнө мүнөздүү болоору арсар.
XX кылымдын ортосундагы маалыматтар боюнча, республикада илбирстин жалпы саны 600-700 дөн жана 1000ден (Кошкарев, 1989) 1400гө чейин деп бааланган (Кыргыз ССРинин Кызыл китеби, 1985).
Эгерде ал жашоосу үчүн жарактуу зонаны 54 миң чарчы километр өлчөмүндө алсак, анда жарым кылым мурда анын орточо жыштыгы бир чарчы километрге 0,011 ден 0,025ке чейин болгон, бул Сарычат-Эрташ коругундагы сонку изилдөөлөргө ылайык белгилүү маалыматтарга окшош. Ошентип, азыркы учурда республика боюнча илбирстин саны 300гө жакын.
Соңку жарым кылымда илбирстин санынын абалы жана таралышы кыйла начарлап кетти. Мурда жашаган көпчүлүк жерлерде ал жолукпай калды жана бардык жерде анын саны кыскарды.
Ареалынын жана санынын кыскарышы, биринчи кезекте, илбирстин жашоосун камсыз кылган бийик тоолуу экосистемаларды сактоо жана калыбына келтирүү боюнча таасирдүү чаралардын жоктугу, уланып жаткан браконьерликтен аны коргоонун жетишсиздиги, аңчылык-чарба ишинин натыйжасында анын тоют базасынын кыскарышы менен байланышкан.
Мышык тукумунун өкүлдөрү - сүт эмүүчү жырткычтардын отрядындагы алда канча чабал топ. Алардын жашап кетиши тамактын түрлөрүнүн жана жашоо чөйрөсүнүн популяциясынын абалы менен байланышкан.
Өткөн кылымдын башталышында Кыргызстанда мышыктын жергиликтүү түрлөрүнүн эң ири өкүлү - Туран жолборсу кырып жок кылынганын белгилей кетүү зарыл. Алардын артынан түшүү жана жашоо чөйрөсүнүн кескин өзгөрүшү бул түр республиканын аймагынан жок болуп кетишине алып келген.
Азыркы учурда республиканын фаунасынын 5 мышык тукумунун ичинен үчөө (Кыргызстандын омурткалуу жаныбарларынын системалык тизмеси, №ABU, 2010) өлкөнүн Кызыл китебине киргизилген (илбирс, сүлөөсүн жана мадыл). Алардын ичинен Кыргызстандын мышыктар тукумунун эң ири өкүлү - илбирс.
Кыргызстан илбирстин ареалында он үч өлкөнүн бири. Республиканын аймагынын дээрлик 90%ы деңиз деңгээлинен 1500 метрден ашык бийиктикте турат. Жакынкы өткөн мезгилде эле илбирс иш жүзүндө республиканын бардык тоо кыркаларында жолукчу.
Өлкөнүн географиялык жактан жайгашуусу аны ушул түрдү сактоо үчүн өтө маанилүү регион кылат. Өлкө илбирстин глобалдык ареалын түштүк жана түндүк бөлүктөргө бөлөт жана эки ири региондун ортосундагы байланыштыруучу тар көпүрө болуп саналат. Кыргызстанда илбирсти жоготуу илбирстин глобалдык ареалын эки чоң участкага ажыратууну билдирмек.
Эгерде глобалдык популяцияны жана өлкөнүн ичиндеги популяцияны соңку иликтөө реалдуу көрсөткүчтөргө жакын деп кабыл алсак, анда илбирстин кыргыз популяциясы жалпы дүйнөлүк популяциянын 5,7%ына жакынды түзөт.
Азыркы учурда өлкөдө түрдүн популяциясы Борбордук жана Ички Тянь-Шанда өлкөнүн башка бөлүктөрүнө салыштырганда мыкты көрсөткүчтөргө ээ. Сарычат-Эрташ коругунда жүргүзүлгөн изилдөөлөр популяциянын кыйла тыгыз көрсөткүчтөрүн айкындады. Сурамжылоонун маалыматтары ошондой эле Борбордук Тянь-Шандын калган аймактары боюнча мыкты көрсөткүчтөрдү берет.
Тескей Ала-Тоодо илбирстин популяциясы аздыр-көптүр канааттандырарлык абалда, ошол эле учурда Күнгөй Ала-Тоодо популяциянын абалы бүдөмүк бойдон калууда. Кыязы, ал жакта калган бөлүк менен байланышты жоготкон обочолонгон жергиликтүү популяция бар.
Күнгөй Ала-Тоодогу популяциянын казактын Заилий Алатау популяциясы менен байланышы бар. Анын Борбордук Тянь-Шандык популяциясы менен же Кыргыз кыркасынын популяциясы менен байланышын иликтөө үчүн Түндүк Тянь-Шандын чыгыш бөлүгүндө жана Күнгөй Ала-Тоо менен Кыргыз кыркасынын ортосунда изилдөөнү жүргүзүү зарыл.
Сурамжылоонун маалыматтары боюнча Кыргыз кыркасында да дурус көрсөткүчтөр бар. Кыргыз кыркасынын илбирстеринин популяциясынын Талас Ала-Тоосу аркылуу Батыш Тянь-Шань популяциясы менен байланышы бар деп ойлойбуз. Батыш Тянь-Шандын бир нече ӨКЖАнын маалыматтары Батыш Тянь-Шанда илбирстин жашоого байымдуу популяциясы бар экенин көрсөтүп турат.
Батыш Тянь-Шандын жана Памир-Алай жана Ички Тянь-Шандын популяцияларынын ортосундагы байланышты билүү үчүн Фергана кыркасында изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл. Бул кырка популяциялардын ортосундагы байланышты сактоо үчүн өзөктүү жер болуп саналат. Ат-Башы кыркасында изилдөөлөрдү жүргүзүү ошондой эле Ички жана Батыш Тянь-Шандын популяцияларынын ортосундагы өз ара байланыштын даражасын билүүгө жардам берер эле.
Соңку изилдөөлөр Алайдын аркы кыркасындагы илбирстин саны олуттуу азайгандыгына көрсөтүп турат. Сурамжылоонун маалыматтары аркы Алай кыркасынын чыгыш бөлүгүндө гана илбирс бар экенин айгинелеп турат. Алар ошондой эле Түркстан жана Алай кыркаларында түрдүн жашагандыгын ырастады.
Памир-Алайдын кыргыз бөлүгүндө түрдүн популяциясынын санын аныктоо үчүн ал эки кыркада изилдөө жүргүзүү зарыл. Популяциянын санын аныктоо үчүн Батыш Тянь-Шанда, тагыраак айтканда, Фергана, Чаткал, Чандалаш жана Талас кыркаларында изилдөөлөрдү жүргүзүү керек. Ошондой эле Түркстан, Алай жана аркы Алай кыркаларында изилдөөлөрдү жүргүзүү абзел.
Экологиялык мониторингдин абалы өзгөчө кооптонууну пайда кылат. Республикада анын уюштуруу түзүмү ал түзүлгөн учурдан тартып кыйла даражада бытыранды болгон. Мониторинг функцияларын бир нече ар кыл министрликтер менен ведомстволор аткарат.
Флоранын жана фаунанын мониторингинин бирдиктүү улуттук системасы жок. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин мамлекеттик кадастры дайыма жана тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөйт.
Буга байланыштуу республикада экологиялык мониторингди оптималдаштыруу боюнча төмөнкүдөй чараларды көрүү зарыл:
- илбирстин ареалында бардык ӨКЖАнын жана аңчылык чарбаларынын илимий кызматкерлерин түрдүн жашоо белгилерин аныктоо усулуна үйрөтүү. Бардык үйрөтүлгөн адамдар протокол түзүү үчүн бирдиктүү форманы колдонушу ийги;
- түрдүн болушун, жырткыч менен адамдын ортосундагы конфликттин деңгээлин, илбирске браконьерликтин деңгээлин аныктоо боюнча анкеталоо үчүн тармакты түзүү. Анкеталоо үчүн аймактарды аныктоо жана пикир сурамжылоо үчүн студенттерди, окутуучуларды, мектеп окуучуларын, жайыт комитеттеринин өкүлдөрүн жана башкаларды тартуу;
- илбирс жана анын азыгынын түрлөрү боюнча мезгилдүү изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн өзөктүү аймактарды аныктоо;
- камсыз кылуучу экосистемаларга мониторинг системасын иштеп чыгуу. Экосистемаларга жөлөк болуучу катары бийик тоолуу жайыттардын абалы боюнча изилдөөлөрдү баштоо;
- коридор болгон жана жергиликтүү популяцияларды байланыштырган өзөктүү аймактарды аныктоо жана камсыз кылган ресурстарды пайдаланууну (аңчылык, мал жаюу, тоо-кен казып алуу иши) чектөө же ага тыюу салуу;
- аңчылык чарбасынын аймагынын минималдуу өлчөмүн аныктоо. Иштеп жаткан жеке аңчылык чарбаларын бириктирип, алардын санын кыскартуу. Алардын аймагында бейпилдик зонасын, баруунун, аңчылыктын мөөнөтүн жана сезонун аныктоо;
- аңчылык чарбаларында эсепке алуу иштерине көзкарандысыз эксперттерди тартуу.
Өбөлгө болгон экосистемалардын абалы
Кыргыз Республикасы Евразиянын чордонунда, Борбордук Азиянын ариддик жана экстраариддик түздүктөрүнүн ортосунда жайгашкан. Жаратылыш чөйрөсү чыгыш жарым шарда Сахарадан тартып Гобиге чейин созулган чөл зонасынын катаал таасиринде турат. Жакынкы океанга чейинки аралык - 3 миң километрге жакын - жалпы кургакчылыкты жана өлкөнүн климатынын континенталдуулугун аныктайт. Бийиктиктин амплитудасы деңиз деңгээлинен 500 метрден 7134 метрге чейин.
Өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүнүн мүнөзү аймактын кыйла бөлүгү бийик экенин чагылдырып турат жана бул жерде орточо жана бийик тоолуу түрлөр басымдуулук кылат.
Кыргыз Республикасында биологиялык ресурстардын - түрлөрдүн жана экосистемалардын бай ар түрдүүлүгү топтолгон.
Аймактын чакан экенине карабастан, Кыргыз Республикасында түрлөр кыйла көп - Жер бетиндеги 0,13%га бардык белгилүү түрлөрдүн 1%га жакыны.
Кыргызстанда кургактагы жана суудагы омурткалуу жаныбарлардын 574 түрү жашайт, 10 миңден ашык омурткасыздар жана 4 миңге жакын жогорку өсүмдүктөрдүн түрлөрү бар (Кыргыз Республикасынын Төртүнчү улуттук отчету).
Флоранын жана фаунанын көпчүлүк түрлөрүнүн абалы кооптонууну пайда кылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-апрелиндеги № 170 токтому менен бекитилген (2009-жылдын 25-июлундагы № 471 токтомундагы өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен).
Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилүүгө тийиш болгон, жок болуп бараткан жана жок болуп кетүү коркунучу астында турган түрлөрдүн тизмесине жок болуп кетүү коркунучу астында турган канаттуулардын 57 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 23 түрү, амфибиялардын 2 түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 8 түрү, балыктын 7 түрү, муунактуулардын 18 түрү, ошондой эле жогорку өсүмдүктөр менен козукарындардын 87 түрү киргизилген.
Биологиялык ар түрдүүлүктүн, анын ичинде илбирстин абалы кыйла даражада республиканын тоо экосистемаларынын туруктуулугуна байланыштуу. Тоо экосистемалары аянты жана экономикалык пайдаланылышы боюнча, өзгөчө мал чарбачылыгында басымдуулук кылат. Жашоо шарттарынын ар түрдүүлүгү чөп экосистемаларынын типтеринин ар түрдүүлүгүн аныктайт. Алардын арасында деңиз деңгээлинен 1500 метрден 4000 метрге чейинки бийик тоолордо орточо жана бийик тоолуу шалбаалар жайгашкан (тиешелүү түрдө 3363 жана 1773 миң га).
Илбирстин тоют базасы
Илбирс бийик тоолуу экосистемалардын бир бөлүгү болуп саналуу менен, аларда жапайы туяктуу жаныбарлардын (тоо эчкинин Capra sibirica жана аркардын Ovis ammo№) жана бир жагынан башка сүт эмүүчүлөрдүн (суурдун Marmota caudate et M. baibaci№a, коендун Lepus cape№sis, чычканга окшош кемирүүчүлөрдүн Cricetidae, Muridae жана башкалардын) жана канаттуулардын санын жөнгө салуучунун ролун аткарат. Үй жаныбарларына кол салган учурлар өтө сейрек.
Илбирстин негизги тоют түрлөрүн тоо эчки түзөт.
Суур илбирстин сезондук тамактануу объекти катары зор мааниге ээ. Жай мезгилинде ал алгыр куштардын жана жырткыч сүт эмүүчүлөрдүн гана эмес, ошондой эле карышкыр, күрөң аюу жана илбирс сыяктуу ири жырткычтардын алда канча жеткиликтүү тамактануу объекти болуп саналат.
Аңчылык кылуучулардын, ӨКЖАнын жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтары боюнча акыркы 10 жылда тоодогу ача туяктуулардын: аркардын саны 16 миңден 19 миңдин, ал эми тоо эчкинин саны 45 миңден 50 миңдин тегерегинде болууда.
Эсепке алынуучу жапайы туяктуулардын жүрүш-турушу (үркүнчөөктүгү) браконьерликтин тынымсыз кысымын көрсөтүп турат. Көрүп калган бардык учурларда айбанаттар кыйла алыс болсо да, качып кутулушкан. Дүйнөлүк тажрыйба аңчылык түрлөрдүн жүрүш-турушу - коргоонун иш жүзүндөгү абалынын жана аңчылыктын эрежелерин сактоонун мыкты индикатору экенин көрсөтүп турат. "Коркуу аралыгын" 500-600 метрге чейин көбөйтүү - адам тарабынан дайыма артынан сая түшүүнүн көрсөткүчү.
Кеңири таралган браконьердик мергенчилик Аңчылык чарбаларынын анын ичинде валюталык мергенчилик жүргүзгөн, ӨКЖАнын жана башка жаратылыш ресурстарын колдонуучулардын жаратылыш дүйнөсүн коргоодо канаттандыраарлык деңгээлде иш алып барбагандыгын аныктоо менен илбирстин абалына тескери таасирин тийгизүүдө.
Ошондой эле чек арачылык инженердик тосмолор жапайы туяктуу жаныбарлардын популяциясына, өзгөчө миграциялык жолдорунда тоскоол болууда.
Илбирстин абалына жана санынын азайышына тийгизген оорулардын, сырткы чөйрөнүн тийгизген таасирин изилдөөнүн жоктугу дагы тескери таасир тийгизүүдө.
Экологиялык коопсуздукту жана мамлекеттик контролду камсыз кылуу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары кайтаруу иштерин күчөтүү жана жаны ӨКЖАларды түзүү зарыл.
Ошондой эле аңчылык чарбаларынын, башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин, жер ресурстарын негизги пайдалануучулардын ишине, биринчи кезекте илбирс жашаган жерлердеги ишине жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу жана жергиликтүү калкты тартуу жана жаныбарлар дүйнөсүн сарамжалдуу пайдаланууга анын экономикалык таламдаштыгы менен аңчылык чарбасынын структурасын өнүктүрүү абзел.
Илбирсти коргоо жана калыбына келтирүү чаралары
Кыргыз Республикасынын колдо болгон ченемдик укуктук актылары биологиялык ар түрдүүлүктү жана илбирсти сактоо менен байланышкан укуктук мамилелердин кеңири чөйрөсүн жөнгө салат, атап айтканда, аларда чарбалык жана башка ишти жүргүзүүдө курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча ченемдер менен талаптар белгиленген, экологиялык укук бузуулардын түрлөрү, жоопкерчилик чаралары жана жоопкерчиликке тартуу тартиби аныкталган, жаратылыш ресурстарын пайдалануу тартиби, алуу ченемдери жана квоталары белгиленген, коргоочу жана кайрадан калыбына келтирүү чаралары каралган. Алар флора менен фаунанын түрлөрүнүн алда канча маанилүү комплекстерин сактоо жана калыбына келтирүү, экосистемаларды жана ландшафттарды табигый туруктуу кайрадан калыбына келүү абалына жеткирүү, түрлөр жашаган чөйрөдө (i№-situ) алардын жашоого байымдуу популяцияларын сактоо жана калыбына келтирүү жана алар жашагандан башка табигый жерлерде (ех-situ) биологиялык ар түрдүүлүктүн компоненттерин сактоо үчүн негиздерди түзөт.
Мыйзамдардын ченемдери биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана сарамжалдуу пайдаланууга көмөктөшкөн экономикалык механизмди түзүүгө багытталган.
Соңку жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын талаптарын жана аларды турмушка ашыруунун социалдык-экономикалык шарттарын эске алуу менен Мыйзамдык базаны өркүндөтүү жана шайкеш келтирүү боюнча ишти жүргүзүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Экологиялык Кодексинин долбоору иштелип чыккан жана талкуулоо стадиясында турат, анын негизги принциптеринин бири жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу маселелерин чечүүдө ведомстволор аралык жана сектор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү болуп калды. "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы колдонууга киргизилди, ага ылайык ӨКЖАнын тармагы кеңейтилет, илбирсти жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого багытталган башка чечимдер кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо Мыйзамдары илбирсти сактоо жагынан мамилелерди жөнгө салат, бирок жергиликтүү калктын катышуу механизмдеринин жана бул түрдү сактоодон алар ала турган пайданын жоктугуна байланыштуу Мыйзамдын натыйжалуулугу жетишсиз жана өзүнүн мазмуну боюнча ал учурдагы эл аралык стандарттарга жана талаптарга ылайык келбейт.
Жерлерди пайдалануунун агротехникалык эрежелерин сактабагандык байкалууда. Жолдорду, инфраструктураны, гидро курулуш түйүндөрүн, жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларын куруу табигый жамааттардын фрагментациясын пайда кылат, табигый миграциянын жолдорун бузат жана илбирс үчүн тоют базасы болуп саналган түрлөрдүн арасында өлүмгө учуроонун себептеринин бири болуп саналат.
Эреже катары, өзгөчө опурталдуу жана аялуу болуп саналган бийик тоолуу экосистемаларда жүргүзүлгөн кен казып алуу иши тынчсыздануу факторунун, илбирс жашаган жерлердин табигый экосистемаларынын бузулушунун жана булганышынын башкы булагы болуп эсептелет.
Азыркы учурда Кыргызстанда илбирсти коргоо жана санын калыбына келтирүү боюнча илимий жактан негизделген атайын чаралар иштелип чыккан эмес. Жападан жалгыз Сарычат-Эрташ коругу илбирстин көбөйүп жаткан популяциясын колдоо үчүн жетиштүү аянтка ээ.
Илбирсти коргоо жана санын калыбына келтирүү боюнча чараларды натыйжалуу жүзөгө ашырууга төмөнкүдөй факторлор тоскоолдук кылууда:
- Мыйзамдарды натыйжалуу турмушка ашыруунун жоктугу. "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" жана "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын турмушка ашыруу жаратылышты коргоо инспекторлорунун саны жетишсиздигинен, техникалык жактан жабдуунун начардыгынан, материалдык стимулдардын жоктугунан улам татаалданууда, бул браконьерлерге каршы реалдуу күрөшүүнүн натыйжасын азайтып жатат.
- чек ара аралык кызматташтыктын жоктугу. Ушул мезгилге чейин өкмөттүк деңгээлде макулдашылган бүткүл ареал боюнча илбирсти сактоонун бирдиктүү стратегиясы жок.
- жергиликтүү калктын маалымдар эместиги. Ушул мезгилге чейин жергиликтүү калктын көпчүлүгү, анын ичинде жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү алардын аймагында жашаган жана өскөн жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн кайсы түрлөрү Мыйзам тарабынан корголо тургандыгы, жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө Мыйзамдарды бузуунун натыйжалары кандай экендиги жагынан так маалыматка ээ эмес. Ошондуктан жергиликтүү калк көп учурда пассивдүү позицияны ээлейт, браконьерлерди жаап-жашырат.
2. Негизги ыкмалар жана принциптер
Биринчи кезекте өлкөнүн аймагында илбирстин санын сактоо жана калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлүүгө тийиш.
Бул милдетти чечүү үчүн төмөнкүдөй ыкмалар зарыл.
1. Экосистемалык ыкма. Илбирс бийик тоолуу экосистемалардын (биринчи кезекте, бийик жана орточо тоолордун шалбааларынын жана бийик тоолуу чөлдөрдүн) бир бөлүгү болуп саналат жана ошондуктан ал азыркы учурда ашкере антропогендик жүктүн айынан катуу бузулган бийик тоолуу экосистемаларды калыбына келтирмейинче туруктуу калыбына келиши жана жашашы мүмкүн эмес. Жапайы туяктуу айбанаттардын популяциясы - илбирстин негизги тоют базасы калыбына келтирилүүгө тийиш болгон бийик тоолуу экосистемалардын негизги компоненти болуп калууга тийиш.
2. Популяциялык ыкма. Бери болгондо 20га жакын айбанатты камтыган көбөйүп жаткан ар бир популяцияны калыбына келтирүү үчүн жетиштүү аймактын ишенимдүү корголушун камсыз кылуу зарыл. Көбөйүп жаткан ар бир популяция үчүн минималдуу аймак камсыз кылуучу тиешелүү экосистемалардын түшүмдүүлүгүнө жана башка касиеттерине жараша кеминде 50-100 чарчы км болууга тийиш.
3. Укуктук коргоодо болуу
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жагынан мамлекеттик саясаттын негиздери Кыргыз Республикасынын Экологиялык коопсуздугунун концепциясында камтылган. Концепцияда республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жана калкынын ден соолугуна коркунучту билдирген өзөктүү экологиялык көйгөйлөр, аларды жеңилдетүү жана четтетүү боюнча принциптер жана чаралар аныкталган, ошондой эле кыска, орточо жана узак мөөнөттүү мезгилдерге экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу багыттары жана механизмдери белгиленген. Концепцияда аныкталган милдеттерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын комплекси турмушка ашырылууда.
Илбирсти сактоо жагынан мамилелер Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө", "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын биосфералык аймактары жөнүндө", "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" жана башка Мыйзамдары, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
4. Институционалдык камсыз кылуу
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын структурасын өркүндөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, 2005-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги аткаруу бийлик системасындагы мамлекеттик орган болуп саналат, ал курчап турган чөйрөнү коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, токой жана аңчылык чарбасын өнүктүрүү жана мамлекеттин экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу жагынан бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзөт.
Биологиялык ар түрдүүлүктү, анын ичинде илбирсти сактоо жагынан кырдаалды талдоо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өнөктөштүк бошоң экенин, жоопкерчиликти так аныктоо жоктугун, бул экологиялык жактан маанилүү чечимдерди кабыл алууда өз учурундагы жана толук өз ара аракеттенүүгө тоскоолдук кылып жатканын көрсөтүп турат.
Буга байланыштуу Стратегия глобалдык биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун контекстинде ушул түрдү сактоо маселелерин биргелешип, функциялуу жана комплекстүү чечүүгө багытталууга тийиш.
Илбирсти сактоодо ӨКЖА өтө маанилүү экенин белгилей кетүү керек, анын болушу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого багытталган. Кыргызстанда соңку жылдардын ичинде ӨКЖАнын аянты көбөйүшүнүн оң тенденциясы бар. Бирок аларды өнүктүрүү али терең көп тараптуу жана стратегиялык пландаштырууну талап кылат.
Илбирсти сактоо көйгөйлөрүн натыйжалуу чечүү үчүн ар кыл таламдаш жактардын чөйрөсүнүн: мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, коомчулуктун, академиялык институттардын жана ЖОЖдордун, түздөн түз жаратылышты пайдалануучулардын тыгыз өз ара аракеттенүүсү зарыл.
Жергиликтүү, региондук жана улуттук деңгээлдерде жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жагынан инсандын маалымдоо жана экологиялык ой жүгүртүү менен маданиятын калыптандыруу маселелерине зор роль бөлүнүүгө тийиш.
Сектордук жана сектор аралык өз ара аракеттенүү кызыкчылыктардын ар кандай топтору иштиктүү диалогду жүргүзүшүн, алардын тогошкон нокотторун аныктоону, өнөктөштүктөгү мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн бардык тараптардын потенциалын баалоону талап кылат.
Жаратылышты коргоо Мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайрадан өндүрүү жагынан мамлекеттик контролдук жүргүзүлөт.
5. Коомдук катышуу
Алыскы тоолуу аймактарда жашаган жергиликтүү калк аркылуу коомчулук жашап жаткан сейрек айбанаттардын, анын ичинде илбирстин экологиялык жана социалдык-экономикалык маанисин аңдап-түшүнүүгө тийиш.
Жаратылышты коргоо уюмдарынын мамлекеттик кызматкерлери калк арасында ушул жаныбарларды коргоо боюнча иш жүргүзүүгө, айылдык округдардын жергиликтүү башчылары, коомдор, ишкерлер, бизнесмендер, фермерлер, жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар жана өзгөчө малчылар, туристтер жана аңчылар менен кызматташуу боюнча маалыматтык рейддерди жүргүзүүгө милдеттүү. Мында, биринчи кезекте, төмөнкүлөр зарыл:
- илбирстин популяциясы таралуусунун ареалында биотехникалык иш-чараларды жүргүзүү (айбанаттарды кошумча тоюттандыруу, алардын баскан издерин кыдырып чыгуу, туристтик бир аяк жолдорду жабуу ж.б.);
- илбирс жашаган аймактын тармагын түзүү, алар көбөйгөн жерлер үчүн коридорлорду берүү, аңчылык-промыслолук түрлөргө аңчылыкка тыюу салуу - бейпилдик зонасын түзүү, мал жаюуну чектеп киргизүү;
- айылдык мектептерде жаш натуралисттердин кошундарын түзүү жөнүндө сунуш кылуу, алардын ар биринде кошундун мүчөсү жаныбардын же өсүмдүктүн айрым сейрек түрүнө шефтикти алат, ал жерде мектеп окуучулары айланадагыларга жана туугандарына тамак-аш жана экологиялык чынжырчада бул түрдүн сакталышынын маанисин түшүндүрөт;
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жапайы жаныбарлар жөнүндө мектептерде окутууну сунуш кылуу;
- акцияларды өткөрүүгө, реклама щиттерин жана аншлагдарды орнотууга, браконьерликке каршы күрөшүүгө кеңири коомчулукту тартуу максатында тиешелүү регионго мүнөздүү болгон сейрек түрлөрдү сактоо боюнча айылдык экологиялык НПОлорду түзүү;
- соңку ондогон жылдардын ичинде илбирс жок болуп кеткен алардын тарыхый ареалынын ар кандай участкаларында илбирсти калыбына келтирүү жана сактоо боюнча долбоорлорду НПОлор турмушка ашыруусу.
6. Эл аралык кызматташтык
Кыргыз Республикасы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жагынан чек ара аралык көйгөйлөрдү чечүү максатында көп тараптуу жана эки тараптуу макулдашууларды турмушка ашыруу боюнча чет өлкөлөр менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө, Кыргыз Республикасы тарабы болуп саналган жаратылышты коргоо конвенциялары боюнча милдеттенмелерди аткарууга, экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн эл аралык жардамды тартууга багытталган эл аралык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурат.
7. Стратегияны турмушка ашыруунун натыйжалуулугуна баа
берүүнүн мониторинги жана критерийлери
Стратегияны аткаруунун натыйжаларына баа берүү аны турмушка ашыруунун жүрүшүндө жана айрым иш-чаралар жана долбоорлор аяктагандан кийин төмөнкүдөй критерийлердин негизинде жүргүзүлөт.
- илбирстин абалынын сапаттык жана сандык өзгөрүүлөрүн мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдүн;
- укук жана экономика, илбирстин абалына таасир эткен жаратылыш ресурстарын пайдалануу концепциялары жана технологиялары жагынан өзгөрүүлөрдүн;
- ӨКЖАнын тармагын өнүктүрүүнүн.
8. Күтүлгөн натыйжалар
Илимий изилдөөлөрдүн негизинде илбирстин сакталышынын мониторингинин туруктуу аракеттеги системасы иштелип чыгат, бул үчүн бирдиктүү критерийлер (ӨКЖАна аянт, ӨКЖАда бардык экосистемаларды камтышынын пайызы) иштелип чыгат:
- өлкөнүн өсүмдүктөрүнүн жана жаныбарларынын реалдуу тизмелери такталган;
- бардык типтүү экосистемаларды жана сейрек жана жок болуп бараткан түрлөрдүн 90%ын сактоону камсыз кылган кайтарылуучу аймактардын экологиялык жактан негизделген системасы түзүлгөн;
- илбирсти жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун ченемдик укуктук базасы өркүндөтүлгөн, анын натыйжасында флорага жана фаунага жөнгө салынбаган антропогендик таасир азаят;
- жаратылыш экосистемалары, алардын чөйрөнү пайда кылуучу функциялары, экологиялык жактан балансташкан жаратылыш-маданий комплекстер жана ландшафттар сакталган жана калыбына келтирилген.
Илбирсти сактоо боюнча аракеттердин планы
Бул Стратегия илбирсти сактоо жагынан бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.
Стратегияны турмушка ашыруунун негизги багыттары мамлекеттик органдардын, илимдин, окуу жайларынын, коомчулуктун жана бизнес-структуралардын өнөктөштүгүнө негизделген.
Стратегиянын жоболору Илбирсти сактоо боюнча аракеттердин планын турмушка ашыруу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Илбирсти сактоо боюнча аракеттердин планы өлкөдөгү экологиялык жана социалдык-экономикалык кырдаалдын өзгөрүүлөрүн, сунуш кылынган долбоорлор боюнча иштерди финансылоо мүмкүнчүлүктөрүн, жаңы, алда канча келечектүү технологиялар жана иштин ыкмалары пайда болушун эске алуу менен аткарууга жараша коррекцияланат.
Илбирсти сактоо боюнча Стратегияны жана аракеттердин планын турмушка ашырууда төмөнкүдөй негизги тоскоолдуктар, коркунучтар жана тобокелдиктер болушу мүмкүн:
- илбирстин абалына реалдуу баа берүүнүн жоктугу;
- жаратылышты коргоо Мыйзамдарынын талаптарын аткарбагандык;
- экономикалык жана финансылык механизмдердин натыйжалуулугунун төмөндүгү;
- илбирсти сактоо процессине катышууга жергиликтүү калктын таламдаштыгынын жоктугу.