Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 24-сентябры № 394-б
Азыркы учурдун улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун 85 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү, эл аралык деңгээлде анын чыгармачылык мурастарын кеңири жайылтуу максатында "Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасында, Россия Федерациясында жана Казакстан Республикасында Ч.Айтматовдун 85 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү боюнча координациялык орган болуп Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги юбилейлик иш-чараларды өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасында, Россия Федерациясында жана Казакстан Республикасында юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө финансылык каражаттарды бөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 394-б буйругуна тиркеме |
Талиева Камила Абдыразаковна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Раев Султан Акимович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Турсунбеков Чыныбай Акунович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Самаков Карганбек Садыкович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Сариев Темир Аргембаевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри; |
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Садыков Канат Жалилович | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Султанов Калыкбек Иманалиевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; |
Алымкулов Алиясбек Төлбашиевич | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри; |
Өмүркулов Иса Шейшенкулович | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Корчуева Эльнура Асылбековна | - | Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын жооптуу катчысы (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев Кубат Табылдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Курманалиева Койсун Аблабековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кулматов Кубанычбек Кеңешович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Эркебаев Абдыганы | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Акматалиев Абдылдажан Амантурович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Нифадьев Владимир Иванович | - | Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Айтматов Аскар Чыңгызович | - | "Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл эл аралык форуму" фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Айтматов Эльдар Чыңгызович | - | жазуучунун баласы (макулдашуу боюнча); |
Ибраимов Осмонакун Ибраимович | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). |