РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 394-б (Кыргыз Республикасында, Россия Федерациясында жана Казакстан Республикасында Ч.Айтматовдун 85 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүшү боюнча) буйругу

Редакция24.09.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 24-сентябры № 394-б

Азыркы учурдун улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун 85 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү, эл аралык деңгээлде анын чыгармачылык мурастарын кеңири жайылтуу максатында "Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып:

1. Кыргыз Республикасында, Россия Федерациясында жана Казакстан Республикасында Ч.Айтматовдун 85 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык түзүлсүн.

2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү боюнча координациялык орган болуп Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги юбилейлик иш-чараларды өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине көмөк көрсөтсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасында, Россия Федерациясында жана Казакстан Республикасында юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө финансылык каражаттарды бөлсүн.

6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 394-б буйругуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасында, Россия Федерациясында жана Казакстан Республикасында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 85 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ

 

Талиева Камила Абдыразаковна

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Раев Султан Акимович

-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Абдылдаев Эрлан Бекешович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Турсунбеков Чыныбай Акунович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Самаков Карганбек Садыкович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Сариев Темир Аргембаевич

-

Кыргыз Республикасынын экономика министри;

Лаврова Ольга Владимировна

-

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Садыков Канат Жалилович

-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Султанов Калыкбек Иманалиевич

-

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

Алымкулов Алиясбек Төлбашиевич

-

Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри;

Өмүркулов Иса Шейшенкулович

-

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Корчуева Эльнура Асылбековна

-

Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын жооптуу катчысы (макулдашуу боюнча);

Оторбаев Кубат Табылдиевич

-

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Курманалиева Койсун Аблабековна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кулматов Кубанычбек Кеңешович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Эркебаев Абдыганы

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Акматалиев Абдылдажан Амантурович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);

Нифадьев Владимир Иванович

-

Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору (макулдашуу боюнча);

Айтматов Аскар Чыңгызович

-

"Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл эл аралык форуму" фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Айтматов Эльдар Чыңгызович

-

жазуучунун баласы (макулдашуу боюнча);

Ибраимов Осмонакун Ибраимович

-

коомдук ишмер (макулдашуу боюнча).