Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-июлундагы № 254-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 12-октябры № 418-б
"Кумтөр" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун, "Центерра Голд. Инк." компаниясынын ортосундагы 2013-жылдын 9-сентябрындагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду талкуулоо учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары айткан маселелерди иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй жумушчу топтор түзүлсүн:
- мыйзамдык жана корпорациялык маселелер боюнча жумушчу топ, 1-тиркемеге ылайык курамда;
- финансылык-экономикалык маселелер боюнча жумушчу топ, 2-тиркемеге ылайык курамда;
- өндүрүштүк-техникалык жана экологиялык маселелер боюнча жумушчу топ, 3-тиркемеге ылайык курамда.
2. Төмөнкүлөр бир айлык мөөнөттө иштелип чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилсин:
- мыйзамдык жана корпорациялык маселелер боюнча жумушчу топ тарабынан - түзүлүүчү биргелешкен ишкананын уюштуруу документтеринин пакети, уюштуруу-укуктук формасын аныктоо боюнча, башкаруу органдарын түзүүнүн тартиби боюнча, башкаруучу органдардын функциялары менен ыйгарым укуктары боюнча маселелерди жана башка укуктук жана корпорациялык маселелерди жөнгө салуу менен;
- финансылык-экономикалык маселелер боюнча жумушчу топ тарабынан - түзүлүүчү биргелешкен ишкана боюнча документтердин пакетин, аларда ишкананын уставдык капиталынын өлчөмүн жана аны түзүүнүн тартибин аныктоо, финансылык маселелер, акчанын жүрүшү, аудит, ревизияларды жүргүзүү, бухгалтердик отчетту түзүү, салыктык жана бажылык төлөмдөрдү төлөө маселелеринин жана финансылык-экономикалык багыттагы башка маселелердин жөнгө салынышын караштыруу менен;
- өндүрүштүк-техникалык жана экологиялык маселелер боюнча жумушчу топ тарабынан - экологиялык маселелерди чечүү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын дооматтары жана доолору, кен калдыктарынын жана куру породалардын жылышуусун толук стабилдештирүү, алтын казууга байланышкан технологиялык тобокелдер жана бул багыттагы башка маселелер боюнча сунуштар - "АМЕС" компаниясынын сунуштамаларын, "Кумтөр" долбоору боюнча бөлүп берилген аянттардагы алтындын жана башка баалуу металлдардын запастарын инвентаризациялоонун жыйынтыгын эске алуу менен.
3. Жумушчу топторго зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз каранды эмес эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
4. Жумушчу топтордун ишин жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине тапшырылсын.
5. Жумушчу топтордун ишин уюштуруу, методологиялык жана башка жактардан камсыздоо төмөнкүлөргө жүктөлсүн:
- укуктук жана корпорациялык маселелер боюнча жумушчу топтуку - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине;
- финансылык-экономикалык маселелер боюнча жумушчу топтуку - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине;
- өндүрүштүк-техникалык жана экологиялык маселелер боюнча жумушчу топтуку - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине тапшырылсын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-октябрындагы № 418-б буйругуна 1-тиркеме |
Оторбаев Ж.К. | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Сариев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри, жумушчу топтун тең-жетекчиси. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Мамбеталиева Ж.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Пирназаров М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Арабаев Ч.И. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын башкы окумуштуу катчысы, юридика илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Казаков К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин БККК, СЭМБ менен иштөө жана юридикалык жактарды каттоо боюнча башкармалыктын начальниги; |
Жуманова М.М. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин укуктук колдоо жана экспертиза кызматынын начальниги; |
Календеров У.И. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармалыгынын начальниги; |
Изаев А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укук департаментинин кеңешчиси; |
Мукашев Б.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун юридикалык башкармалыгынын начальниги; |
Естебесов А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти; |
Эсенгул Ч. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун кызматкери. |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-октябрындагы № 418-б буйругуна 2-тиркеме |
Лаврова О.В. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Касымалиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Абулгазиев М.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы; |
Тойчубеков Ю.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Масалиев И.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы; |
Жээнбеков Б.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин төрагасы; |
Жунусов А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; |
Иманалиев Ю. | - | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору (макулдашуу боюнча); |
Аширов Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Молдоканов Ш.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Абдыгулов Т.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Шаршеналиев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Дыйканбаева Т.С. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун директору, экономика илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Султанов Т.И. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору. |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-октябрындагы № 418-б буйругуна 3-тиркеме |
Сарпашев Т.Д. | - | Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Зилалиев Д.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Атажанов С.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; |
Артыкбаев Р.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Турусбеков Б.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы; |
Айталиев А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы калдык сактагычтарды пайдалануу боюнча агенттиктин директорунун орун басары; |
Рыспаев Ж.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин машина куруу, металлургия жана курулуш материалдары бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Абдуллаев М.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өнөр жай коопсуздугу башкармалыгынын начальниги; |
Жолдошев Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын экологиялык коопсуздук бөлүмүнүн башкы адиси; |
Нурмамбетов Ж.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өнөр жай жана экологиялык коопсуздук бөлүмүнүн начальниги; |
Гильфанов И.В. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги; |
Какеев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин Мамлекеттик суу чарба инспекциясынын начальниги; |
Женчороева Р.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун лабораториясынын башчысы, академик (макулдашуу боюнча); |
Төлөбекова Б. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геофизика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун лабораториясынын башчысы, техника илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Өмүрзаков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары; |
Жумабеков К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык экспертиза жана жаратылышты пайдалануу башкармалыгынын начальниги; |
Рыспеков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык экспертиза бөлүмүнүн начальниги; |
Касмалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору; |
Торгоев И. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |