Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 7-июлу № 254-б
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кумтөр» долбоорунун ишине байланышкан 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V токтомдорунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомун ишке ашыруу максатында, ошондой эле 2014-жылдын 18-январындагы «Кумтөр» долбоорун реструктуралаштыруунун шарттары жөнүндө макулдашууга ылайык «Кумтөр» долбоору боюнча укуктук жана корпоративдик маселелерди жөнгө салуу үчүн:
1. «Кумтөр» долбоору боюнча түзүлүүчү биргелешкен ишкананы уюштуруу документтеринин пакетин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ:
- төмөнкү маселелер боюнча документтердин пакетин иштеп чыксын:
биргелешкен ишкананын уюштуруу-укуктук формасын аныктоо, башкаруу органдарын түзүү тартибин, башкаруу органдарынын функцияларын, ыйгарым укуктарын жана башка укуктук жана корпоративдик маселелерди бекитүү;
ишкананын уставдык капиталынын өлчөмүн жана аны түзүү тартибин, ошондой эле финансылык операцияларды алып барууну, акча агымдарынын кыймылын, аудитти, текшерүүлөрдү жүргүзүү, бухгалтердик отчёттуулук, салыктык жана бажылык төлөмдөрдү төлөө жана башка финансы-экономикалык багыттагы маселелерди аныктоо;
- биргелешкен ишкананын уюштуруу-укуктук формасын аныктоо, башкаруу органдарын түзүү тартибин, башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бекитүү маселелерин жана башка укуктук жана корпоративдик маселелерди чечүү үчүн «Центерра Голд Инк» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тийиштүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-октябрындагы № 418-б буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри В.И.Дилге жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 7-июлундагы № 254-б
буйругуна тиркеме
Диль В.И | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
|
Сариев Т.А. | - Кыргыз Республикасынын экономика министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
|
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
| |
Лаврова О.В. | - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
|
Абдылдаев Э.Б. | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
|
Артыкбаев О.М. | - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;
|
Мамбеталиева Ж.Ж. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Тойчубеков Ю.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жонго салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы;
|
Осмонов З.Б. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
|
Жунусов А.О. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
|
Аширов Б А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы;
|
Абулгазиев М.Д. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;
|
Шаршеналиев Б.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;
|
Молдоканов Ш.И. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;
|
Алимбеков А.М. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
|
Иманалиев Д.Ш. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти;
|
Казаков К.К. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Борбордук күрөө каттоочу конторасы, Мамлекеттик соттук экспертиза борбору жана юридикалык жактарды каттоо иштери боюнча башкармасынын начальниги;
|
Шакиров К.А. | - «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармасынын терагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |