КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 12-ноябры № 449-б
2013-жылдын 12-13-ноябрында Женева шаарында (Швейцария) өтө турган БУУнун кыйноолорго каршы Комитетинин 51-сессиясынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 179 токтому менен бекитилген Кыйноолорго жана мамилелердин башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркына шек келтирүүчү түрү менен жазалоо аракеттерине каршы БУУнун Конвенциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын экинчи мезгилдүү баяндамасын берүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жогоруда аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясынын катышуусуна байланышкан чыгымдар Борбордук Азиядагы Адам укуктары боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Жогорку комиссар Башкармалыгынын Региондук өкүлчүлүгү жана Бишкек шаарындагы Европада Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Борбору (макулдашуу боюнча) тарабынан төлөнөт.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер- министрдин милдетин аткаруучу |
Ж.Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-ноябрындагы № 449-б буйругуна тиркеме |
2013-жылдын 12-13-ноябрында Женева шаарында (Швейцария) өтө турган БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинин 51-сессиясынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 179 токтому менен бекитилген Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркына шек келтирүүчү мамиле түрүнө жана жазалоо аракеттерине каршы БУУнун Конвенциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын экинчи мезгилдүү баяндамасын берүүсү үчүн түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясынын КУРАМЫ
Халдаров Уланбек Абдухалилович | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары, делегация башчысы (макулдашуу боюнча); |
Искакова Гүлнара Тентиевна | - | Женева шаарындагы БУУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү; |
Абдырахманов Жакып Токтобекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы (макулдашуу боюнча); |
Жумашев Нурлан Токтобекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жеке коопсуздук башкармалыгынын начальниги; |
Абдылакимов Бектурсун Кенжематович | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ыкчам издөө ишин, тергөөнү ишке ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышына көзөмөл жүргүзүү боюнча башкармалыгынын прокурору (макулдашуу боюнча); Женева шаарындагы БУУнун алдындагы Кыргыз |
Эркин Айдит | - | Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси; |
Алтымышева Алмаш Дүйшөновна | - | Женева шаарындагы БУУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси. |