Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 22-ноябры № 462-б
Кыргызстандын көрүнүктүү акыны жана драматургу Райкан Шүкүрбековдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу:
1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Суулу-Маймак айылында Кыргызстандын көрүнүктүү акыны жана драматургу Райкан Шүкүрбековдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 200000 (эки жүз миң) сом бөлүнсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 122-б буйругу менен бекитилген 2013-жылга юбилейлик иш-чаралардын тизмегине төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
2-пунктунда:
- бешинчи графа "Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттары," деген сөздөр менен толукталсын;
- алтынчы графадагы "100000" деген цифралар "300000" деген цифраларга алмаштырылсын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |