РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-ноябрынадгы № 462-б (Кыргызстандын көрүнүктүү акыны жана драматургу Райкан Шүкүрбековдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү боюнча) буйругу

Редакция22.11.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 22-ноябры № 462-б

Кыргызстандын көрүнүктүү акыны жана драматургу Райкан Шүкүрбековдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу:

1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Суулу-Маймак айылында Кыргызстандын көрүнүктүү акыны жана драматургу Райкан Шүкүрбековдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 200000 (эки жүз миң) сом бөлүнсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 122-б буйругу менен бекитилген 2013-жылга юбилейлик иш-чаралардын тизмегине төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

2-пунктунда:

- бешинчи графа "Тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттары," деген сөздөр менен толукталсын;

- алтынчы графадагы "100000" деген цифралар "300000" деген цифраларга алмаштырылсын.

 

            Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев