Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2023-жылдын 17-февралы № 60-т
Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын шарттарда жайгашкан калктуу конуштарынын тизмегине инвентаризация жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын шарттарда жайгашкан калктуу конуштарынын тизмегин инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда;
2) жумушчу топтор:
- бийик тоолуу шарттарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмегин инвентаризациялоо боюнча 2-тиркемеге ылайык;
- алыскы шарттарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмегин инвентаризациялоо боюнча 3-тиркемеге ылайык;
- барууга кыйын шарттарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмегин инвентаризациялоо боюнча 4-тиркемеге ылайык.
2. Ведомстволор аралык комиссия:
1) эки жумалык мөөнөттө социалдык жеңилдиктерди жана компенсацияларды белгилөө максатында жумушчу топтордун айрым айылдарды Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын шарттарда жайгашкан калктуу конуштарынын тизмегине киргизүү маселеси боюнча сунуштарын иликтесин;
2) эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын шарттарда жайгашкан калктуу конуштарынын тиешелүү тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды берсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасына зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга, мамлекеттик органдардан керектүү маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси менен биргеликте 2023-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын шарттарда жайгашкан калктуу конуштарынын тизмегин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизсин.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июнундагы № 247-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын шарттарда жайгашкан калктуу конуштарынын тизмегин инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блок боюнча орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин башкы инженери, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
"Ата-Журт" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А.Нарматова (макулдашуу боюнча);
"Ишеним" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.М.Мураталиев (макулдашуу боюнча);
"Ынтымак" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.З.Түлөбаев (макулдашуу боюнча);
"Альянс" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Исираилов (макулдашуу боюнча);
"Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Айдарова (макулдашуу боюнча);
"Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ашимова (макулдашуу боюнча);
"Элдик" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Самыйкожо (макулдашуу боюнча);
"Мекенчил" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ы.Ы.Атажанов (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тоо физиологиясы жана медицина институтунун директору.
|
| 2-тиркеме |
Бийик тоолуу шарттарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмегин инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография мамлекеттик мекемесинин башкы инженери, жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин эмгек жана активдүү чараларды өнүктүрүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын эмгек бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун мониторинг, пландоо жана талдоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык коргоо жана саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин демографиялык статистика бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пенсиялык жана тарифтик саясат башкармалыгынын начальнигинин орун басары - пенсиялык саясат жана эл аралык макулдашуулар бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тоо физиологиясы жана медицина институтунун улук илимий кызматкери.
|
| 3-тиркеме |
Алыс шарттарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмегин инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин активдерди башкаруу боюнча бөлүмүнүн начальниги, жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин эмгек жана активдүү чараларды өнүктүрүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын эмгек бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография мамлекеттик мекемесинин геодезия башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пенсиялык жана тарифтик саясат башкармалыгынын начальнигинин орун басары - пенсиялык саясат жана эл аралык макулдашуулар бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык сектордун штаттык санын жана эмгек акысын талдоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин региондук статистиканы жана сапатты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин координациялоо жана колдоо бөлүмүнүн башкы адиси;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тоо физиологиясы жана медицина институтунун улук илимий кызматкери.
|
| 4-тиркеме |
Барууга кыйын шарттарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмегин инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожолу" мамлекеттик ишканасынын аппаратынын жетекчиси, жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин эмгек жана активдүү чараларды өнүктүрүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын эмгек бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография мамлекеттик мекемесинин экономика жана өндүрүштү пландоо бөлүмүнүн начальниги;