Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 13-апрели № 135
«Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун II бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык:
1. Тиркемеге ылайык ишке тартылган адамдарды кошкондо, жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнөн кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасына чек аралык белгилерди орнотуунун тактыгын текшерүүгө катышуучулардын курамы аныкталсын.
2. 2009-жылдын 14-17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун жана Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун чектеринде аталган текшерүү жүргүзүлсүн.
3. Командировкалык чыгымдар «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | И. Чудинов |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2009-жылдын 13-апрелиндеги № 135
буйругуна тиркеме
Аламанов С.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы;
|
Цурков В.Е. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору;
|
Асаналиев Э.А. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси;
|
Дисковский В.Л. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын бөлүм начальниги;
|
Камбаралиев Б.К. | - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын Башкы штабынын Башкы оперативдүү башкармалыгынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери;
|
Мандычев Н.И. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын экспедиция начальниги;
|
Умурзаков М.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн эксперти. |