КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 25-июлу № 240
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-июнундагы № 212 «Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын маселелери» жөнүндө токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы жөнүндө жобонун 12-пунктуна ылайык жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын иш-аракеттерин андан ары чыңдоо жана иштерин өркүндөтүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын президиумунун тиркелген курамы бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 20-августундагы № 396 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 18-июлундагы № 280 буйругу.
Премьер-министри | И.Чудинов |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2009-жылдын 25-июлундагы № 240
буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Улуттук
аттестациялык комиссиясынын президиумунун курамы
Бөрүбаев Алтай Асылканович | - Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;
|
Бекболотов Турсунбек Бекболотович | - Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары - башкы окумуштуу катчысы, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти;
|
Алдашев Алмаз Абдулхаевич | - биология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;
|
Артыкбаев Мэлс Табалдиевич | - саясат илимдеринин доктору, профессор;
|
Ахматбеков Мусахун Ахматбекович | - К.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин Агро-инженердик институтунун кыртыш таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасынын профессору, айыл чарба илимдеринин доктору;
|
Бабаев Дөөлөтбай Бабаевич | - педагогика илимдеринин доктору, профессор;
|
Жаманбаев Муратали Жүзүмалиевич | - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору, математика илимдеринин доктору, профессор;
|
Женчураева Розалия Жаманкуловна | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун лаборатория башчысы, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти;
|
Живоглядов Валерий Петрович | - Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Билимдердин электрондук менеджменти борборунун директору, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти;
|
Жоробекова Шарипа Жоробековна | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, химия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;
|
Койчуев Турар Койчуевич | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин кеңешчиси, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;
|
Мамытов Миталип Мамытович | - И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кафедра башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;
|
Мусаев Абдылда Инаятович | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, филология илимдеринин доктору, профессор;
|
Нифадьев Владимир Иванович | - Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;
|
Плоских Владимир Михайлович | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги. |