Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 16-июнундагы ПБ № 163 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 11-октябры ПБ № 149
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 237 "Эл аралык "Манас" аэропортунда транзиттик ташуулар Борборунун финансылык ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча Кеңеш жөнүндө" Жарлыгына ылайык:
1. Эл аралык "Манас" аэропортунда транзиттик ташуулар Борборунун финансылык ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча Кеңеш төмөнкү курамда бекитилсин:
Мамбеталиева Таттугүл Эмильбековна | - | -Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Сарбагишев Арсен Нурдинович | - | -Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Элебаев Нурбек Беккулович | - | -Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу коомдук байкоочу кеңешинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Шабданалиев Темирбек Мусаевич | - | -Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине караштуу коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Сапаев Ниязбек Ишенович | - | -Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Кыдыралиев Зоотбек Темирбекович | - | -Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына караштуу коомдук байкоочу кеңешинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Абдырасулова Нурзат Аскарбековна | - | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин алдындагы коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Карабаев Акпаралы Давлеталиевич | - | -Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы; |
Ногойбаева Чолпон Султановна | - | -Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин кеңешчиси; |
Кылжыев Самат Аскербекович | - | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Стамбеков Алибек Маратович | - | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн башчысы; |
Давлетов Эльдар Кадырбекович | - | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн "Электрондук өкмөт" системасын колдонууга киргизүү секторунун башчысы; |
Жунушалиев Туратбек Шаршенкулович | - | -Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары. |
2. Эл аралык "Манас" аэропортунда транзиттик ташуулар Борборунун финансылык ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча Кеңеш ишти Эл аралык "Манас" аэропортунда транзиттик ташуулар Борборунун финансылык ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча Кеңеш жөнүндө Жобого ылайык уюштурсун.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
Президент | Р.Отунбаева |