Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2011-жылдын 17-майындагы № 269 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 15-апрели № 220
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 13-апрелиндеги № 210 буйругунун 2-пунктун аткаруу максатында:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргьгз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон мезгилде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү;
- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон мезгилде ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеси.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон мезгилге Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 30-декабрындагы № 179 буйругун колдонуу токтотулсун.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
2011-жылдын 15-апрелиндеги № 220
буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчилик жана контролдоо жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген органдардын ишин координациялайт.
Мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо боюнча чараларды, ошондой эле улуттук коопсуздук боюнча чараларды ишке ашырууну көзөмөлдөйт.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын ишинин, тышкы саясатты ишке ашыруунун; чек араны делимитациялоонун; финансылык, тарифтик саясат жүргүзүүнү камсыздоонун, республикалык бюджеттин; мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун бюджетинин аткарылышын; экономиканы өнүктүрүүнү талдоонун, болжолдоонун жана пландоонун; өлкөнү өнүктүрүүнүн; техникалык жөнгө салуунун стратегияларын иштеп чыгуунун; инвестициялык, фискалдык саясатты жүргүзүүнү камсыз кылуунун; монополияга каршы саясаттын жана атаандаштыкты өнүктүрүүнүн; жаратылыш ресурстарын башкаруунун; отун-энергетикалык комплекстин жана турак жай-коммуналдык чарбанын; автомобиль жолдорун жана темир жолдорду куруунун, оңдоонун жана күтүүнүн; архитектуранын жана курулуш комплексинин, мамлекеттик мүлк объекттерин башкаруунун мамлекеттик саясатынын; мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун ишинин; эркин экономикалык аймактардын иштөөсүнүн; өкмөттөр аралык комиссиялардын ишинин; коммуникациянын жана байланыштын маселелерин координациялайт.
Мамлекеттик агрардык саясатты жүргүзүүнү жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнү; мамлекеттик материалдык жана мобилизациялык резервдердин маселелерин; жер реформасынын; суу ресурстарын башкарууну камсыз кылат.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, июнь окуяларында жабыр тарткан Ош жана Жалал-Абад облустарынын калктуу башка конуштарынын инфраструктурасын жана турак жай фондун калыбына келтирүү маселелери боюнча макулдашылган жана координацияланган ишин камсыз кылат.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин, Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө мамлекеттери, Шанхай кызматташтык уюмунун, Экономикалык кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттери, ошондой эле башка өлкөлөр, эл аралык финансылык ииституттар, эл аралык өнүктүрүү агенттиктери, эл аралык экономикалык уюмдар менен кызматташтыкты камсыз кылат.
Мыйзамдуулук, жарандардын эркиндиги жана укугу маселелерин карайт.
Мамлекеттик органдардын демилгесине макулдук берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору, Кыргыз Республикасынын Сот департаменти, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, финансылык-кредиттик мекемелер менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин компетенциясына кирген кадр маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген, тейлеген чөйрөлөрдөгү мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
Социалдык саясат, эмгек, ишке орноштуруу, миграция; социалдык кепилдиктердин системасы; үй-бүлө, балдар, жаштар; билим берүү, илим, спорт, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү; этностук өнүктүрүү саясаттары; гендердик саясат; маданиятты жана маалыматты өнүктүрүү; 2010-жылдын апрель, май, июнь окуяларында жабыр тарткандарга социалдык кепилдик берүү жана колдоо көрсөтүү, интеллектуалдык менчикти жана салттуу билимдерди коргоо; диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы, экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү саясатты координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, «Кыргызстан элдеринин ассамблеясы» коомдук бирикмелер ассамблеясы, Кыргызстан профсоюздар федерациясы, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык коомчулук менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Тейлеген чөйрөлөрдө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындай турган талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрдө маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген, тейлеген чөйрөлөрдөгү мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
Коргонуу, коомдук коопсуздук жана укуктук тартип, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү, жаза аткаруу; баңги заттарды контролдоо; геррорду (экстремизмди) каржылоо жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү; экономика жана финансы чөйрөсүндөгү экономикалык кылмыштарды, кызматтык кылмыштарды табуу, алдын алуу, бөгөт коюу, ачуу жана иликтөө; калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдан коргоо; жарандардын ден соолугуна, адеп-ахлагына, укуктарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жана зыян келтирген диний уюмдардын ишине бөгөт коюу; этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү; финансы рыногун өнүктүрүү; стратегиялык изилдөөлөр маселелерин координациялайт.
Тейлеген чөйрөлөрдө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындай турган талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрдө маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
2011-жылдын 15-апрелиндеги № 220
буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчилик кылат жана контролдойт.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация мамлекеттик комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун;
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын;
Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясынын;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун;
жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигин;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кинематография мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун;
Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын;
«Слово Кыргызстана» басма үйүнүн;
«Кыргыз Туусу» басма үйүнүн;
«Эркин Тоо» гезитинин;
Кыргыз Республикасынын «ЭлТР - коомдук телеберүүсү» телерадиоберүү компаниясынын.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Баңги заттарын контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республпкасынын Стратегиялык ичилдөөлөрдүн улуттук институтунун.