Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 4-майы № 246
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-февралындагы № 49-б буйругуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны Бишкек шаарында 2011-жылдын 9-13-майында өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын курамы аталган жыйынга катышуу үчүн бул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Аталган жыйынды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек араны делимитациялоого жана демаркациялоого бөлүнгөн каражаттын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Тиркеме
Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, өкмөттүк делегациянын жетекчиси;
Майкозов К.А. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Примов А.А. - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары;
Эратов С.С. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Эгембердиева Ж.Ш. - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Тезекбаев К.Т. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Касмалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору;
Момбеков А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
Абдураимов Б.Э. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
Эгембердиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы жайыттар департаментинин директору;
Исабеков Н.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору;
Артыкбаев А.М. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түштүк регион боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
Миңбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы;
Калматов А.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын бөлүм начальниги;
Бекназаров К.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын башкы оперативдүү башкармалыгынын чек араны сактоо жана коргоо бөлүмүнүн улук офицери;
Касымова Г.Т. - Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин газ жана жылуулук менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Кулмурзаев Т.Н. - "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директору;
Орленко Е.В. - "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары;
Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун орун басары;
Мандычев Н.И. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги;
Санников В.П. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо бөлүмүнүн делимитациялоо маселелери боюнча жетектөөчү адиси;
Ботобаев К. К. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо бөлүмүнүн түштүк региондук начальниги;
Эргешов А.М. - Баткен райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Сиддиков Д.А. - Кадамжай райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Боронбеков З.Б. - Аксы райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Мырзаев А.А. - Ала-Бука райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Маматов А.Т. - Сузак райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Мурзахмедов Ш.М. - Араван райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Раимбердиев М.К. - Кара-Суу райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Каримов Б.А. - Өзгөн райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги.