Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 8-июну № 296
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-декабрындагы № 669-б буйругуна ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жана Тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясынын топографиялык-жер жайгаштыруу жумушчу топторунун кезектеги биргелешкен жолугушуусуна катышуу үчүн, тиркемеге ылайык курамда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын топографиялык-жер жайгаштыруу боюнча жумушчу тобу 2011-жылдын 12-18-июнунда Худжанд шаарына (Тажикстан Республикасынын Согдий облусу) жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | А. Атамбаев |
Тиркеме
Искандаров К.А.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
|
Кутманов.Н.О.
| - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Касмалиев А.К.
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
|
Абдураимов Б.Э.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
|
Касымов Ч.К.
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун орун басары;
|
Исмаилов К.Б.
| - «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары;
|
Сулайманов А.Т.
| - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү жана кайтаруу бөлүмүнүн начальниги;
|
Эратов С.С.
| - Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
|
Артыкбаев А.А.
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
|
Миңбаев А.А.
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы;
|
Камбаралиев Б.К.
| - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери;
|
Санников В.П.
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жетектөөчү адиси;
|
Ботобаев К.К.
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн түштүк региондук начальниги;
|
Калматов А.М.
| - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги;
|
Хамидов А.Х.
| - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Сүлүктү-Лейлек аймактык башкармалыгынын начальниги;
|
Эргешов А.М. | - Баткен райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги. |