Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 15-июну № 313
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү;
- ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеси.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 30-декабрындагы № 179 буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2011-жылдын 15-июнундагы
№ 313 буйругу менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин жалпы жетектейт жана контролдойт, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген органдардын ишин координациялайт.
Мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо боюнча чараларды, ошондой эле улуттук коопсуздук боюнча чаралардын ишке ашырылышын камсыздайт.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин, тышкы саясатты ишке ашыруунун; чек араны делимитациялоонун; финансылык, тарифтик саясат жүргүзүүнү камсыздоонун; республикалык бюджеттин, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетинин аткарылышын, мамлекеттик жана материалдык резервдердин материалдык баалуулуктарын топтоону, сактоону жана пайдаланууну контролдоо маселелерин координациялайт.
Өлкөдөгү абалды баалоо боюнча мониторингди, аналитикалык жана информациялык ишти, мамлекеттик стратегиялардын, программалардын жана улуттук долбоорлордун ишке ашырылышын координациялайт.
Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын июнь окуяларында жабыркаган башка калктуу конуштарынын инфраструктурасын жана турак жай фондун калыбына келтирүү маселеси боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашылган жана координацияланган иш жүргүзүүсүн камсыздайт.
Шанхай кызматташтык уюмуна, Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер, ошондой эле башка өлкөлөр, эл аралык финансылык институттар, эл аралык өнүктүрүү агенттиктери, эл аралык экономикалык уюмдар менен кызматташууну камсыз кылат.
Мыйзамдуулук, жарандардын эркиндиги жана укугу маселелерин тейлейт.
Мамлекеттик органдардын демилгесине макулдук берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору, Кыргыз Республикасынын Сот департаменти, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы менен эриш-аркак иштөөнү камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, финансылык-кредиттик мекемелер менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин компетенциясына кирген кадр маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт.
Экономиканы өнүктүрүүнү талдоонун, болжолдоонун жана пландоонун; өлкөнү өнүктүрүүнүн; техникалык жөнгө салуунун стратегияларын иштеп чыгуунун; инвестициялык, фискалдык саясатты жүргүзүүнү камсыздоонун; монополияга каршы саясаттын жана атаандаштыкты өнүктүрүүнүн; финансылык рынокту өнүктүрүүнүн; жаратылыш ресурстарын башкаруунун; отун-энергетикалык комплекстин жана турак жай-коммуналдык чарбанын; автомобиль жолдорун жана темир жолдорду куруунун, оңдоонун жана күтүүнүн; мамлекеттик мүлк объекттерин башкаруунун мамлекеттик саясатынын; мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун ишинин; эркин экономикалык аймактардын иштөөсүнүн; өкмөттөр аралык комиссиялардын ишинин; коммуникациянын жана байланыштын маселелерин координациялайт.
Архитектура жана курулуш комплексинин маселелерин координациялайт.
Мамлекеттик агрардык саясаттын жүргүзүлүшүн жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнү камсыз кылат; жер реформасынын; айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын, экологиялык коопсуздуктун; каттоо ишинин; суу ресурстарды башкаруунун; агроөнөр жай комплексиндеги мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун иштеринин; этил спиртин жана алкоголдуу продукция өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине, Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө мамлекеттер менен кызматташууну камсыз кылат.
Тейлеген тармактарында мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындоочу турган кандидатуралар боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрдө маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген, тейлеген чөйрөлөрдөгү мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
Социалдык саясат; эмгек, ишке орноштуруу, миграция; социалдык кепилдиктердин системасы; үй-бүлө, балдар, жаштар маселелерин; билим берүү, илим, спорт, саламаттык сактоо; этностук өнүктүрүү чөйрөлөрүндөгү саясатты; гендердик саясатты; маданиятты өнүктүрүү; басма сөз, телекөрсөтүү, 2010-жылдын апрель, май, июнь окуяларында жабыр тарткандарга социалдык кепилдиктер жана колдоо көрсөтүү саясатын, интеллектуалдык менчикти жана салттуу билимдерди коргоо чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыздоо, жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелерин координациялайт.
Диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу, дин тутуу эркиндигине укуктук кепилдиктер, мамлекет менен диний уюмдардын өз ара байланышта иштөөлөрүн өркүттдөтүү боюнча иштерди координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, "Кыргызстан элдеринин ассамблеясы" коомдук бирикмелер ассамблеясы, Кыргызстан профсоюздар федерациясы, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык коомчулук менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Тейлеген чөйрөлөрдө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындай турган кандидатуралар боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрдө маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген, тейлеген чөйрөлөрдөгү мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
Коргонуу, коомдук коопсуздук жана укуктук тартип, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү, жазаны аткаруу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан сактоо, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы чара көрүү маселелерин координациялайт.
Укук коргоо органдарынын экономикалык кылмыштарды, экономика жана финансы чөйрөлөрүндөгү кызматтык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, токтотуу, бетин ачуу жана тергөө, наркотик каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы чара көрүү тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча иштерин координациялайт.
Диний уюмдардын жарандардын саламаттыгына, ыйманына, укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине, мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирүүчү же коркунуч жаратуучу иштерин токтотуу маселеси боюнча укук коргоочу органдардын Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен эриш-аркак иштөөсүн камсыздайт.
Тейлеген чөйрөлөрдө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындай турган кандидатуралар боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрдө маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2011-жылдын 15-июнундагы
№ 313 буйругу менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин жалпы жетектейт жана контролдойт.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун;
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын;
жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация мамлекеттик комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигин;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кинематофафия мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун;
"Слово Кыргызстана" басма үйүнүн;
"Кыргыз Туусу" басма үйүнүн;
"Эркин Тоо" гезитинин;
"Жеткинчек" гезитинин;
"Кырчын" журналынын редакциясынын;
"Байчечекей" журналынын редакциясынын;
Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадио компаниясынын.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын.