Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №12 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-майы №242
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 27-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн аныктоо жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы № 15 "Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселеси жөнүндө" Жарлыгына) ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жана анын карамагында төмөнкүлөр иштей тургандыгы аныкталсын:
а) мамлекеттик агенттиктер:
-(Экинчи абзац КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кинематография боюнча мамлекеттик агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик;
-Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу Жер казынасы жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик;
б) мамлекеттик кызматтар:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат;
в) Фонддор:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду;
-Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу Мамлекттик мүлк фонду;
г) комиссиялар:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия.
(КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында болору жана анын контролунда иштей тургандыгы белгиленсин:
а) мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы;
- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту;
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча дирекция;
б) жалпыга маалымдоо каражаттары:
- "Кыргыз Туусу" басма үйү;
- "Слово Кыргызстана" басма үйү;
- "Эркин-Тоо" гезити;
- "Жеткинчек" гезити;
- "Кырчын" журналынын редакциясы;
- "Байчечекей" журналынын редакциясы;
- Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиокомпаниясы.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев |
|
|