Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2012-жылдын 14-ноябрындагы № 843 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 17-июну № 317
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-августундагы № 468 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кеңеш жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кеңештин тиркелген курамы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 15-январындагы № 11 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 17-июнундагы
№ 317 токтому менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кеңештин
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кеңештин (мындан ары - Кеңеш) төрагасы;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн "электрондук өкмөт" системасын киргизүү секторунун башчысы, Кеңештин жооптуу катчысы.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору;
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук информациялык технологиялар борборунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору (макулдашуу боюнча);
программалык камсыздоо жана тейлөө Кыргыз ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).
Жекече:
Бримкулов У.Н. - Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин "Компьютердик инженерия" кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча);
Живоглядов В.П. - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин Билимдин электрондук менеджменти борборунун директору (макулдашуу боюнча).