Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 14-ноябры № 843
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-августундагы № 468 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 17-июнундагы № 317 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин (мындан ары - Кенеш) төрагасы;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти, Кеңештин жооптуу катчысы.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Программалык камсыздоону жана тейлөөнү иштеп чыгуучулардын Кыргыз ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
"Интернет саясаты жарандык демилгеси" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча).
Жекече:
Нурматов Б.Н. - Электроника жана коммуникация институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Искаков С.Т. - Байланыш ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).