Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 28-июну № 328
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-февралындагы № 49-б буйругуна ылайык:
1. Фергана шаарында (Өзбекстан Республикасы) 2011-жылдын 30-июну - 7-июлунда болуучу Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-Өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы тартылган адамдарды кошкондо ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Тиркеме
Искандаров К.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, өкмөттүк делегациянын жетекчиси;
|
Кутманов Н.О. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Тезекбаев К.Т. | - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
|
Эгамбердиева Ж.Ш. | - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
|
Эратов С.С. | - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
|
Момбеков А.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
|
Касмалиев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
|
Цурков В.Е. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору;
|
Исабеков Н.Д. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментини директору;
|
Артыкбаев А.М. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түштүк регион боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жетекчиси;
|
Калматов А.М. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги;
|
Сулайманов А.Т. | - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү жана кайтаруу бөлүмүнүн начальниги;
|
Миңбаев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы;
|
Камбаралиев Б.К. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери;
|
Санников В.П. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн делимитациялоо маселелери боюнча башкы адиси;
|
Ботобаев К.К. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун түштүк региондук мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;
|
Бөрүбаев Н.Н. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун түштүк региондук мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
|
Эргешов А.М. | - Баткен райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Сиддиков Д.А. | - Кадамжай райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Боронбеков З.Б. | - Аксы райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Мырзаев А.А. | - Ала-Бука райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Мурзахмедов Ш.М. | - Араван райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги. |