Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 15-июлу № 361
Кыргыз Республикасынын Өкмөтнүн 2002-жылдын 3-декабрындагы № 669-б буйругуна ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жана Тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясынын Биргелешкен топографиялык-жер жайгаштыруу жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу 2011-жылдын 20-25-июлунда Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында өткөрүлсүн.
2. Аталган жолугушууга катышуу үчүн Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын Биргелешкен топографиялык-жер жайгаштыруу жумушчу топторунун кыргыз бөлүгүнүн курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Ош облусунун мамлекеттик администрациясы ушул жолугушууну уюштурууга жана өткөрүүгө кемек көрсөтсүн жана делегация мүчөлөрүн талаа изилдөөлөрүнө барууда транспорт каражаттары менен камсыз кылсын.
4. Делегация мүчөлөрүнүн аталган жолугушууга катышуу үчүн баруусу менен байланышкан чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Тиркеме
Искандаров К.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
|
Касмалиев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
|
Абдураимов Б.Э. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
|
Тезекбаев К.Т. | - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
|
Артыкбаев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
|
Миңбаев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы;
|
Камбаралиев Б.К. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери;
|
Санников В.П. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо бөлүмүнүн делимитациялоо маселелери боюнча жетектөөчү адиси;
|
Ботобаев К.К. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;
|
Бегматаев А.Б. | - Чоң-Алай райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Бөрүбаев Н.Н. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн түштүк региондук бөлүмүнүн начальнигинин орун басары. |