Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 27-июлу № 375
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 «Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун II бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тартылган адамдарды кошкондо ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) 2011-жылдын 1-5-августунда болуучу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезексиз жыйынына катышуу үчүн жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | А. Атамбаев |
Тиркеме
Алматы шаарында 2011-жылдын 1-5-августунда болуучу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезексиз жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын
курамы
Искандаров К.А.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
|
Цурков В.Е.
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору;
|
Касмалиев А.К.
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
|
Тургуналиев А.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
|
Маткеримов С.А.
| - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
|
Момбеков А.А.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
|
Касымов Ч.К.
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун орун басары;
|
Турдумамбетов О.Т.
| - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарбасы департаментинин башкы инженери;
|
Сулайманов А.Т.
| - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү жана кайтаруу бөлүмүнүн начальниги;
|
Миңбаев А.А.
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы;
|
Камбаралиев Б.К.
| - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери;
|
Мандычев Ы.И.
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги;
|
Бейшенкулов Р.Ф.
| - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын агроөнөр жайды өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
|
Кенесариев А.А.
| - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районунун жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Абдрахманов Р.А.
| - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Усупбеков У.А.
| - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
|
Мамбетов Ш.А.
| - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
|
Жунушов К.А.
| - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча). |