Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 25-декабры № 514-б
2017-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча программанын долбоорун иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып:
1. 2017-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча программанын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- 2014-жылдын 1-апрелине чейин 2017-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча программанын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- бардык кызыкдар тараптардын, анын ичинде мамлекеттик башкаруу органдарынын, илимий чөйрөнүн, бизнес-коомдоштугунун, жарандык сектордун жана донордук коомдоштуктун катышуусунда жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматты жайгаштыруу менен Программанын долбоорун иштеп чыгуу процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылсын;
- Программанын долбоорлорунун орто аралык жана финалдык варианттарын талкуулоо боюнча консультацияларды өткөрүүнү камсыз кылсын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ өзүнүн ишине адистерди, эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ведомстволор аралык жумушчу толтун суроо-талабы боюнча зарыл маалыматтарды беришсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-декабрындагы № 514-б буйругуна тиркеме |
Керималиев Жаныбек Калканович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Мукамбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Калиев Марат Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Кендирбаева Догдургүл Шаршеевна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Күйкеев Эрик Асанович | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Алимбеков Давлетбек Каарыевич | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Тайлаков Кеңешбай Доскулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Артыкбаев Расул Саткынович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Имаров Аргынбай Төралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Касымбеков Баисбек Касымбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Кадыркулов Мукай Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Рустамов Абдыкалык Алибекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Шамшидинов Дилмурод Халдарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Каракулов Рустам Тулегенович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары. |