Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2010-жылдын 15-январы № 11
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-августундагы № 468 токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин тиркелген курамы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 26-августундагы № 328 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 15-январындагы № 11 буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) төрагасы;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары - администрациялык реформалар башкармалыгынын начальниги, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын администрациялык реформалар саясатын изилдөө жана иштеп чыгуу бөлүмүнүн эксперти, Кеңештин жооптуу катчысы.
Кеңештин мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
- Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариатынын өз ара аракеттенүү кызматынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иш кызматынын Өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча сектор башчысы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин инвестициялар жана инновациялар кызматынын эксперти (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин ресурстарды башкаруу кызматынын эксперти (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргонуу, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин кызматынын инспектору (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
- "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар улуттук борборунун директору (макулдашуу боюнча);
- "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча).
Жеке:
- Бримкулов У.Н. - "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин "Компьютердик инженерия" кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча);
- Живоглядов В.П. - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Билимдердин электрондук менеджменти борборунун директору (макулдашуу боюнча).