Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 3-декабры № 531
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-декабрындагы № 669-б буйругуна ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жана тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын топографиялык-жер жайгаштыруу жумушчу топторунун кезектеги биргелешкен жолугушуусуна катышуу үчүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын топографиялык-жер жайгаштыруу жумушчу тобу тиркемеге ылайык курамда 2011-жылдын 5-10-декабрыңда Кожонт шаарына (Тажикстан Республикасынын Согд облусу) жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |
Тиркеме
Искандаров К.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
|
Касмалиев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгапрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору, топографиялык-жер жайгаштыруу жумушчу тобунун жетекчиси;
|
Цурков В.Е. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картофафиялык-геодезиялык кызматынын директору;
|
Абдураимов Б.Э. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
|
Касымов Ч.К. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгапрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун орун басары;
|
Тезекбаев К.Т. | - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
|
Эратов С.С. | - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
|
Миңбаев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиганин биринчи катчысы;
|
Санников В.П. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо бөлүмүнүн делимитациялоо маселелери боюнча башкы адиси;
|
Ботобаев К.К. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгапрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;
|
Бөрүбаев Н.Н. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгапрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
|
Хамидов А. | - Сүлүктү-Лейлек аймактык жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Эргешов А.М. - | - Баткен райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Бегматаев А.Б. | - Чоң-Алай райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыганын начальниги;
|
Калматов А.М. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүмүнүн начальниги;
|
Камбаралиев Б.К. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын чек араны коргоо жана кайтаруу бөлүмүнүн делимитация жана демаркация боюнча улук офицери;
|
Мамбеткожоев Ш.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы ишин уюштуруу башкы башкармалыгынын башкы инспектору. |