Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 16-январы № 11
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-декабрындагы № 669-б буйругуна ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жана тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын кезектеги Биргелешкен жыйыны 2013-жылдын 21-26-январында Бишкек шаарында өткөрүлсүн.
2. Аталган жыйынга катышуу үчүн Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын курамы тартылган адамдар менен кошо, ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Аталган кезектеги Биргелешкен жыйынды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо үчүн бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Кезектеги Биргелешкен жыйынга катышууга байланышкан делегациянын мүчөлөрүнүн чыгымдарын төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 16-январындагы № 11 буйругуна тиркеме |
Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчиси;
Кочкоров У.Т. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Ата-Журт" фракциясынан (макулдашуу боюнча);
Кутманов Н.О. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Касмалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору;
Абдураимов Б.Э. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;
Байдулетов Н.С. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысынын орун басары;
Катанаев А.Г. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун милдетин аткаруучу;
Эратов С.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Арипов Т.Т. - Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими;
Апышев Э.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүмүнүн начальниги;
Сыдыков Д.Б. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыдырмышев Т.Ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун атташеси;
Мандычев Н.И. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун талаа жумуштары боюнча орун басары - Кыргыз комплекстик аэрогеодезиялык экспедициянын начальниги;
Жакыпов Б.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;
Санников В.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
Ботобаев К.К. - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;
Эргешов А.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Хамидов А.Х. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Сүлүктү-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Мамаюсупов И.А. - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын Баткен облустук жерге жайгаштыруу боюнча экспедициясынын начальниги;
Бегматаев А.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Чоң-Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча бөлүмүнүн начальниги.