Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 22-марты № 96
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-февралындагы № 49-б буйругуна ылайык:
1. Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) 2013-жылдын 25-28-мартында болуучу Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-Өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы тартылган адамдарды кошкондо ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда жиберилсин.
2. Иш-сапарлык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык иш-сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 22-мартындагы № 96 буйругуна тиркеме |
Атаханов Ш.Е. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси; |
Искандаров К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчисинин орун басары; |
Кутманов Н.О. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Бешимов А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Узакбаев Э.У. | - | Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси; |
Мамбеталиев И.С. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары башкы штабынын начальниги; |
Эгамбердиева Ж.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Юсупов Б.Ю. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Касмалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору, жумушчу топтун жетекчиси; |
Баймырзаев М.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Исабеков Н.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору; |
Ботобаев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Апышев Э.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги; |
Алышбаев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы иштерин уюштуруу башкы башкармалыгынын бажы кызмат көрсөтүүлөр жанында өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги; |
Кыдырмышев Т.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топтун атташеси; |
Жакыпов Б.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги; |
Бөрүбаев Н.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги. |