Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 13-октябры № 493
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-декабрындагы № 669 - б буйругуна ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жана Тажик- кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын Биргелешкен топографиялык-жер жайгаштыруу жумушчу топторунун кезектеги Биргелешкен жыйыны 2011-жылдын 17-22-октябрында Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Баткен шаарында өткөрүлсүн
2. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын аталган жыйынына катышуу үчүн топографиялык-жер жайгаштыруу жумушчу тобунун курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Делегация мүчөлөрүнүн аталган жыйынга катышуу үчүн баруусуна байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри, Премьер-министрдин Милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |
Тиркеме
Искандаров К.А.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек ара аймактарын делимитациялоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
|
Касмалиев А.К.
| Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
|
Эратов С.С. | Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
|
Абдураимов Б.Э. | Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын чек ара аймактарын делимитациялоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперта;
|
Касымов Ч.К.
| Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун орун басары;
|
Калматов A.M. | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмүнүн начальниги;
|
Миңбаев А.А.
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи секретари;
|
Артыкбаев A.M.
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
|
Камбаралиев Б.К. | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскеринин Башкы штабынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн делимитация жана демаркация боюнча улук офицери;
|
Санников В.П. | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
|
Ботобаев К.К. | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;
|
Бөрүбаев Н.Н. | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальнигинин орун басары.
|
Эргешов А.М. | Баткен райондук Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлкке укуктарды каттоо башкармасынын начальниги;
|
Хамидов А. | Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлкке укуктарды каттоо боюнча Сүлүктү-Лейлек аймактык башкарманын начальниги;
|
Бегматов А.Б. | Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Чоң-Алай райондук башкарманын начальниги.
|