Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 20-октябры № 495
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы №327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун II бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын 2011 -жылдын 24-28-октябрында Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) болуучу кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы ушул буйруктун тиркемесине ылайы курамда жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри, Премьер-министрдин Милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |
Тиркеме
Искандаров К.А.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек ара аймактарын делимитациялоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, Өкмөттүк делегациянын жетекчиси; |
Цурков В.Е.
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору; |
Касмалиев А.К.
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору; |
Момбеков А.А.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек ара аймактарын делимитациялоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти; |
Касымов Ч.К.
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун орун басары; |
Миңбаев А.А.
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи секретарь; |
Камбаралиев Б.К.
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскеринин Башкы штабынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлумүнүн делимитация жана демаркация боюнча улук офицери; |
Мандычев Н.И.
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Мамлекеттик картография – геодезия кызматынын экспедициясынын начальниги. |