Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 10-ноябры № 502
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-декабрындагы № 669-б буйругуна ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жана тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын кезектеги биргелешкен жыйыны 2011-жылдын 14-19-ноябрында Бишкек шаарында өткөрүлсүн.
2. Аталган жолугушууга катышуу үчүн Кыргыз Республикасы менен Таджикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын курамы тартылган адамдарды кошкондо, ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Аталган кезектеги биргелешкен жыйынды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар чектеш мамлекеттер менен болгон мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо үчүн бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Делегациянын мүчөлөрүнүн кезектеги биргелешкен жыйынга катышyy үчүн баруусу менен байланышкан чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин Милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |
Тиркеме
Искандаров К.А.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын енүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
|
Кутманов Н.О.
| - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Касмалиев А.К.
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
|
Цурков В.Е.
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору;
|
Абдураимов Б.Э.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперта;
|
Касымов Ч.К.
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун орун басары;
|
Тезекбаев К.Т.
| - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
|
Эратов С.С.
| - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
|
Исабеков Н.Д.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору;
|
Сулайманов А.Т. | - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин суу ресурстарын мониторингдөө жана коргоо бөлүмүнүн начальниги;
|
Калматов А.М. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүмүнүн начальниги;
|
Мамбеткожоев Ш.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы ишин уюштуруу башкы башкармалыгынын башкы инспектору;
|
Камбаралиев Б.К. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын чек араны коргоо жана кайтаруу бөлүмүнүн делимитация жана демаркация боюнча улук офицери;
|
Артыкбаев А.М. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
|
Миңбаев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы;
|
Санников В.П. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо бөлүмүнүн делимитациялоо маселелери боюнча жетектөөчү адиси;
|
Ботобаев К.К. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;
|
Бөрүбаев Н.Н. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо туштүк региондук бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
|
Эргешов А.М. | - Баткен райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Бегматаев А.Б. | - Чоң-Алай райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Хамидов А. | - Сүлүктү-Лейлек аймактык жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги.
|