Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 17-июлу № 349
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-декабрындагы № 669-б буйругуна ылайык:
1. 2013-жылдын 17-23-июлунда Бишкек шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жана тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги биргелешкен жолугушуусу өткөрүлсүн.
2. Аталган жолугушууга катышуу үчүн Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын укуктук маселелер боюнча жумушчу тобунун курамы буйруктун тиркемесине ылайык аныкталсын.
3. Аталган кезектеги биргелешкен жолугушууну өткөрүүгө байланышкан чыгымдар чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо үчүн бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Биринчи вице-премьер-министр, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ж. Оторбаев |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2013-жылдын 17-июлундагы № 349
буйругуна тиркеме
Кутманов И.О. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Абдураимов Б.Э. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;
|
Усаров М.И. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;
|
Ибраев К.И. | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
|
Келдибаев А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек араны контролдоо башкы башкармалыгынын начальниги;
|
Ботобаев К.К. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;
|
Жакыпов Б.М. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;
|
Кыдырмышев Т. Ж. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун атташеси;
|
Алышбаев К.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын инфраструктураны жана бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги. |