Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 27-августу № 56
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү;
- ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеси.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 3-ноябрындагы № 332 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө" буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 399 буйругу.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |
| Премьер-министринин 2010-жылдын 27-августундагы № 56 буйругу менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчилик жана контролдоо жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген органдардын ишин координациялайт.
Мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо боюнча чараларды, ошондой эле улуттук коопсуздук боюнча чараларды ишке ашырууну көзөмөлдөйт.
Тышкы саясатты ишке ашыруу; чек араны делимитациялоо маселелерин координациялайт.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мүчө мамлекеттери, Евразиялык экономикалык шериктештиктин, Шанхай кызматташтык уюмунун, Экономикалык кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттери, ошондой эле башка өлкөлөр, эл аралык финансылык институттар, эл аралык өнүктүрүү агенттиктери, эл аралык экономикалык уюмдар менен кызматташтыкты камсыз кылат.
Мыйзамдуулук, жарандардын эркиндиги жана укугу маселелерин карайт.
Мамлекеттик органдардын демилгесине макулдук берет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин компетенциясына кирген кадр маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору, Кыргыз Республикасынын Сот департаменти, Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
Экономиканы өнүктүрүүнү талдоонун, болжолдоонун жана пландоонун; өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуунун; жөнгө салуучу таасирди талдоонун; техникалык жөнгө салуунун; финансылык, инвестициялык саясатты жүргүзүүнү камсыз кылуунун; монополияга каршы саясаттын жана атаандаштыкты өнүктүрүүнүн; финансылык рынокту өнүктүрүүнүн; жаратылыш ресурстарын башкаруунун; отун-энергетикалык комплекстин жана турак жай-коммуналдык чарбанын маселелерин; фискалдык, тарифтик саясатты жүргүзүүнү камсыздоо; республикалык бюджеттин аткарылышын контролдоо; автомобиль жолдорун жана темир жолдорду куруунун, оңдоонун жана күтүүнүн; мамлекеттик мүлк объекттерин башкаруунун мамлекеттик саясатынын; мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун ишинин; эркин экономикалык аймактардын иштөөсүнүн; өкмөттөр аралык комиссиялардын ишинин; коммуникациянын жана байланыштын маселелерин координациялайт.
Тейлеген чөйрөлөрдөгү мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, "Эсептешүү-сактык компаниясы" ачык акционердик коому, финансылык-кредиттик мекемелер менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындай турган талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрдө маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
(А.В.Костюк)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген, тейлеген чөйрөлөрдөгү мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
Мамлекеттик агрардык саясатты жүргүзүүнү жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнү камсыз кылат; мамлекеттик материалдык жана мобилизациялык резервдердин маселелерин; жер реформасынын; курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын, экологиялык коопсуздуктун; каттоо ишинин; суу ресурстарын башкаруунун; агроөнөр жай комплексиндеги мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун иштеринин маселелерин координациялайт.
"Айыл Банк" ачык акционердик коому менен эриш-аркак иштөөнү камсыз кылат.
Тейлеген чөйрөлөрдө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындай турган талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрдө маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
4. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
(У.А.Абдуллаева)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген, тейлеген чөйрөлөрдөгү мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
Социалдык саясат, эмгек, ишке орноштуруу, миграция; социалдык камсыздандыруу, социалдык кепилдиктердин системасы; үй-бүлө, балдар, жаштар; билим берүү, илим, спорт, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү; дин иштери боюнча; этностук өнүктүрүү саясаттары; гендердик саясат; өлкөнү өнүктүрүү; 2010-жылдын апрель, май, июнь окуяларында жабыр тарткандарга социалдык кепилдик берүү жана колдоо көрсөтүү маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестация комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, "Кыргызстан элдеринин ассамблеясы" коомдук бирикмелер ассамблеясы, Кыргызстан профсоюздар федерациясы, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык коомчулук менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Тейлеген чөйрөлөрдө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындай турган талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрдө маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
5. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
(А.А.Бекназаров)
Коомдук коопсуздук жана укуктук тартип, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү, жаза аткаруу маселелерин координациялайт.
Тейлеген чөйрөлөрдө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындай турган талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрдө маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
6. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
(Ж.Ж.Сатыбалдиев)
Архитектура жана курулуш комплекси, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо маселелерин координациялайт.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, июнь окуяларында жабыр тарткан Ош жана Жалал-Абад облустарынын калктуу башка конуштарынын инфраструктурасын жана турак жай фондун калыбына келтирүү маселелери боюнча макулдашылган жана координацияланган ишин камсыз кылат.
Тейлеген чөйрөлөрдө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындай турган талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрдө маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 27-августундагы № 56 буйругу менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчилик кылат жана контролдойт.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин;
жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун.
3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
(А.В.Костюк)
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Суу чарбасы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун;
Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексиндеги мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун.
4. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
(У.А.Абдуллаева)
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигин;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Киноматография мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун.
5. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
(А.А.Бекназаров)
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын.
6. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
(Ж.Ж.Сатыбалдиев)
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин;
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын.