Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2012-жылдын 11-июнундагы № 487 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 3-сентябры № 64
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-апрелиндеги № 26 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" Декретине жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Төмөндөгү адамдар Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин коллегия мүчөлөрү болуп бекитилишсин:
Алымбаев Абдрахман - Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Бакашева Жылдыз Кемеловна - Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору;
Бегалиев Муратбек Акимович - Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору;
Исанаев Курмангазы Жусупказиевич - Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору;
Курманов Таалай Курманович - Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Субаналиев Сагыналы - Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору;
Султанбаева Айнура Жолдошбековна - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти;
Саламатов Тимур Сагынбаевич - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору;
Үсөнбаев Мир Алымкулович - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору;
Чокиев Турдубек Асанович - Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Шаршенбаев Мелис - Кыргыз Республикасынын Театр ишмерлеринин союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча).
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 30-мартындагы № 120 тескемеси күчүн жоготту деп эсептелсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |