Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 10-январы № 5
(КР Премьер-министринин 2012-жылдын 19-январындагы № 84 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгенине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын жүргүзгөн иштеринин алкагында:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ортосундагы функцияларды тактап бөлүштүрүү жана чектөө жана алардын штаттык санын кыскартуу боюнча 1-тиркемеге ылайык курамда жумушчу топ;
- аткаруу бийлиги системасына жүргүзүлгөн реформадан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын инвентаризациялоо жана өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду даярдоо боюнча 2-тиркемеге ылайык курамда жумушчу топ;
- бошогон кызматтык автомашиналарды жана администрациялык имараттарды инвентаризациялоо боюнча 3-тиркемеге ылайык курамда жумушчу топ.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ортосундагы функцияларды тактап бөлүштүрүү жана чектөө жана алардын штаттык санын кыскартуу боюнча жумушчу топ 2012-жылдын 25-январына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча жумушчу топтун ишинин жыйынтыктарын комиссиянын кароосуна киргизсин.
3. Ушул буйруктун 2-пунктунда аталган жумушчу топтон башка жумушчу топтор 2012-жылдын 30-январына чейин тиешелүү багыттар боюнча ишти аякташсын жана иштин жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын кароосуна беришсин.
4. Жумушчу топторго зарыл учурда ишке министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартууга укук берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилери жумушчу топтордун жетекчилеринин суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды шашылыш тартипте беришсин жана алардын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
1-тиркеме
Сариев Т.А. - Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри, жумушчу топтун жетекчиси;
Шайдиева Д.Ж. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Шадыбеков К.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Жуманова М.М. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин укуктук колдоо жана экспертизалар кызматынын начальниги,жумушчу топтун жооптуу катчысы.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Шадиев А.А. - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;
Алымкулов А.Т. - Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри;
Тынаев С.М. - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри;
Жунусов И.К. - Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри;
Сагынбаев Б.Э. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын статс-катчысы (макулдашуу боюнча);
Мамидинова Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;
Исаев А.К. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;
Темиралиев Т.А. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы;
Сүйүнбаева П.У. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;
Ахметова Н.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;
Новиков А.Э. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;
Исраилов А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Скобеев Е.Л. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн маалыматтык-аналитикалык камсыздоо секторунун башчысы;
Ажигулова З.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн эксперти;
Давлеталиева Н.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн эксперти;
Сатыбекова А.Э. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнүн эксперти.
2-тиркеме
Шыкмаматов А. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри, жумушчу топтун жетекчиси;
Мамыров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Сариев Т.А. - Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри;
Шадиев А.А. - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;
Тынаев С.М. - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри;
Алымкулов А.Т. - Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри;
Сүйүмбаева П.У. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;
Темиралиев Т.А. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы.
3-тиркеме
(КР Премьер-министринин 2012-жылдын 19-январындагы № 84 буйругунун редакциясына ылайык)
Рыскулова А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси; |
Мамбетакунов Н.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун биринчи орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); |
Бакиров Ж.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Урманбетов З.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Абдыллаев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн эксперти; |
Кабанбаев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти; |
Осокеев Т.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Мадумаров А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын протоколдук иш-чаралар жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Жоха В.С. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн иш кагаздарын жүргүзүү секторунун башчысы (макулдашуу боюнча); |
Эстебесов Ж.Т. | - | "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Мамлекеттик имараттар департаменти" мамлекеттик ишканасынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Кожобергенов Н.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппараттарды каржылоо башкармалыгынын начальниги; |
Жумашалиев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Имамов К.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамын каттоо департаментинин директорунун орун басары; |
Мураталиев Б.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун мүлктүк мамилелер департаментинин директорунун орун басары. |