Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 31-январы № 140
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-декабрындагы № 669-б буйругуна ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жана тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясынын кезектеги биргелешкен жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы тиркемеге ылайык курамда Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарына 2012-жылдын 5-11-февралында жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
|
| Тиркеме |
Искандаров К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси; |
Кутманов Н.О. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Касмалиев А.К. | - | "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору; |
Цурков В.Е. | - | Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору; |
Абдураимов Б.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти; |
Касымов Ч.К. | - | "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун орун басары; |
Тезекбаев К.Т. | - | Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; |
Эратов С.С. | - | Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; |
Токтомамбетов Ы.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарбасы департаментинин директору; |
Артыкбаев А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Миңбаев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы; |
Калматов А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүмүнүн начальниги; |
Камбаралиев Б.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын чек араны коргоо жана кайтаруу бөлүмүнүн делимитация жана демаркация боюнча улук офицери; |
Санников В.П. | - | Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо бөлүмүнүн делимитациялоо маселелери боюнча жетектөөчү адиси; |
Ботобаев К.К. | - | "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги; |
Эргешов А.М. | - | Баткен райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Бегматаев А.Б. | - | Чоң-Алай райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Хамидов А.Х. | - | Сүлүктү-Лейлек аймактык жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Бөрүбаев Н.Н. | - | "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальнигинин орун басары. |