Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 28-февралы № 247
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-декабрындагы № 669-б буйругуна ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жана тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегациясынын топографиялык-жер жайгаштыруу жумушчу топторунун кезектеги биргелешкен жолугушуусу 2012-жылдын 5-10-мартында Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Исфана шаарында өткөрүлсүн.
2. Аталган жолугушууга катышуу үчүн Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын топографиялык-жер жайгаштыруу жумушчу тобу тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.
3. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы ушул жолугушууну уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн жана делегациялардын мүчөлөрүн талаа изилдөөлөрүнө чыгууда транспорт каражаттары менен камсыз кылсын.
4. Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Тиркеме
Искандаров К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси; |
Кутманов Н.О. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Касмалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору; |
Абдураимов Б.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти; |
Касымов Ч.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айьш чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун орун басары; |
Эратов С.С. | - | Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; |
Арипов Т.Т. | - | Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы; |
Турдумамбетов О.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарбасы департаментинин директору; |
Ботобаев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги; |
Миңбаев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы; |
Санников В.Л. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Хамидов А.Х. | - | Сүлүктү-Лейлек аймактык жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги. |