Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2012-жылдын 27-сентябрындагы № 733 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-марты № 264
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 14-февралындагы № 232 буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүдө:
2-главанын экинчи абзацы "контролдоо жана көзөмөлдө" деген сөздөрдөн кийин ", санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча контролдоо жана көзөмөлдөө"; деген сөздөр менен толукталсын;
4-главанын үчүнчү абзацындагы ", тамак-аш, ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук боюнча контролдоо жана көзөмөлдөө" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмесинде:
2-глава төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;";
4-главанын сегизинчи абзацы күчүн жоготту табылсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |