Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 27-сентябры № 733
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү 1-тиркемеге ылайык;
- ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеси 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 14-февралындагы № 232 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 2-мартындагы № 264 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 12-июнундагы № 500 буйругу.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
1-тиркеме
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчилик жана контролдоо жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген органдардын ишин координациялайт.
Мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо боюнча чараларды, ошондой эле улуттук коопсуздук боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат.
Коргонуу, коомдук коопсуздук жана укуктук тартип, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин координациялайт.
Жарандардын ден соолугуна, адеп-ахлагына, укуктарына жана мыйзамдык кызыкчылыктарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине, мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирген же коркунуч келтирген диний уюмдардын ишине бөгөт коюу маселелери боюнча укук коргоо органдарынын эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Юстиция, тышкы саясатты ишке ашыруунун, чек араны делимитациялоонун, республикалык бюджеттин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышын контролдоо маселелерин координациялайт.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун бюджетинин аткарылышын контролдоо маселелерин координациялайт.
Отун-энергетикалык комплекси; кендерди жана минералдык ресурстарды пайдалануу; мамлекеттик мүлк объекттерин башкаруунун мамлекеттик саясаты маселелерин координациялайт.
Терроризмди (экстремизмди) финансылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешени мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча ишти координациялайт.
Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарын жана прекурсорлорду жүгүртүү, аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатындагы бирдиктүү саясатты жүргүзүү боюнча ишти координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин координациялайт.
Мыйзамдуулук, жарандардын эркиндиги жана укугу маселелерин карайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Мамлекеттик органдардын демилгесине макулдук берет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин компетенциясына кирген кадр маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча ишти, ошондой эле тейлеген чөйрөдөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин координациялайт.
Экономиканы өнүктүрүүнү анализдөө, болжолдоо жана пландоо; тышкы экономикалык иш; өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу; техникалык жөнгө салуу; инвестициялык, фискалдык, финансылык, тарифтик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылуу; антимонополдук саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү; финансы рыногун өнүктүрүү маселелерин координациялайт.
Администрациялык реформаны жүргүзүүнүн, мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун күчөтүү, мамлекеттик жана муниципалитеттик кызмат көрсөтүү системасын опитмалдаштыруу бөлүгүндөгү маселелерин координациялайт.
Интеллектуалдык менчикти жана салттуу билимдерди коргоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыздоо, мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун ишинин; эркин экономикалык аймактардын иштөөсүнүн маселелерин координациялайт.
Байланыштын, каттоо кызматынын маселелерин координациялайт.
Лицензиялык-уруксат берүү системасын оптималдаштыруу, бюджеттик саясат маселелери бар өнүктүрүүнүн тармактык программаларын координациялоо, аткаруу бийлигинин органдарынын ишин каржылоодо программалык-долбоордук негиздерге өтүү маселелерди тейлейт.
Экономикалык кылмыштарды, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кызматтык кылмыштарды табуу, алдын алуу, бөгөт коюу, ачуу жана иликтөө боюнча укук коргоо органдарынын ишин координациялайт.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, салык жана бажы, бажылык эмес төлөмдөрү жана алымдары чөйрөсүндөгү иштерди координациялайт.
Өлкөдөгү жагдайды, улуттук долбоорлордун ишке ашырылышын баалоо боюнча мониторингди, аналитикалык жана маалыматтык ишти координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелер менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө мамлекеттери Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин, Шанхай кызматташтык уюмунун, Экономикалык кызматташтык уюмунун катышуучу мамлекеттери менен, ошондой эле башка өлкөлөр, эл аралык өнүктүрүү агенттиктери, эл аралык экономикалык уюмдар менен кызматташтыкты камсыз кылат.
Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындай турган талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрдө маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча ишти, ошондой эле тейлеген чөйрөдөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин координациялайт.
Өнөр жайдын жана турак жай-коммуналдык чарбанын; автомобиль жолдорун жана темир жолдорду куруунун, оңдоонун жана күтүүнүн; коммуникация; калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо; мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин материалдык баалуулуктарын топтоо, сактоо жана пайдалануу, курулуш жана региондук өнүктүрүү, экологиялык жана техникалык коопсуздук, санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук маселелери боюнча контролдоо жана көзөмөлдөө маселелерин координациялайт.
Республиканын административдик-түзүлүш системасын реформалоо, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иши, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу бөлүгүндөгү иши маселелерин координациялайт.
Жазаларды аткаруу маселелерин координациялайт.
Мамлекеттик агрардык саясатты жүргүзүүнү жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнү; жер реформасын; курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын, суу ресурстарын башкаруу саясатын жүргүзүүнү камсыз кылуу.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, июнь окуяларында жабыр тарткан Ош жана Жалал-Абад облустарынын калктуу конуштарынын инфраструктурасын жана турак жай фондун калыбына келтирүү маселелери боюнча макулдашылган жана координацияланган ишин камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындай турган талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрдө маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
4. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча ишти, ошондой эле тейлеген чөйрөдөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин координациялайт.
Басма-сөз жана теле берүү, социалдык саясат, социалдык кепилдиктер жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу; пенсиялык камсыздандыруу, миграция, эмгек, ишке орноштуруу, үй-бүлө, балдар, жаштар; билим берүү, илим, спорт, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү; этностук өнүктүрүү системалары; гендердик саясат; маданиятты өнүктүрүү; 2010-жылдын апрель, май, июнь окуяларында жабыр тарткандарга социалдык кепилдик берүү жана колдоо көрсөтүү; жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо боюнча иштер маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, "Кыргызстан элдеринин ассамблеясы" коомдук бирикмелеринин ассамблеясы, Кыргызстан профсоюздар федерациясы, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык коомчулук менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындай турган талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрдө маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
2-тиркеме
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчилик кылат жана контролдойт.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, мамлекеттик бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн контролдоо бөлүгүндө;
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун;
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарына кирбеген бөлүгүндө;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансылык полициянын);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун.
3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун;
жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын.
4. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун;
"Слово Кыргызстана" басма үйүнүн;
"Кыргыз Туусу" басма үйүнүн;
"Эркин Тоо" гезитинин;
Кыргыз Республикасынын "Коомдук телеберүү - ЭлТР" телерадиоберүү компаниясынын.