Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2012-жылдын 27-сентябрындагы № 733 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 14-февралы № 232
(КР Премьер-министринин
2012-жылдын 2-мартындагы № 264, 2012-жылдын 12-июнундагы № 500 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү;
- ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеси.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 30-декабрындагы № 567 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 14-февралындагы № 232 буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин,
биринчи вице-премьер-министринин жана
вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди
БӨЛҮШТҮРҮҮ
(КР Премьер-министринин
2012-жылдын 2-мартындагы № 264, 2012-жылдын 12-июнундагы № 500 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчилик жана контролдоо жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген органдардын ишин координациялайт.
Мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо боюнча чараларды, ошондой эле улуттук коопсуздук боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат.
Коргонуу, коомдук коопсуздук жана укуктук тартип, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү, жазаларды аткаруу маселелерин координациялайт.
Жарандардын ден соолугуна, адеп-ахлагына, укуктарына жана мыйзамдык кызыкчылыктарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине, мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирген же коркунуч келтирген диний уюмдардын ишине бөгөт коюу маселелери боюнча укук коргоо органдарынын эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Юстиция, тышкы саясатты ишке ашыруунун, чек араны делимитациялоонун, миграциянын, республикалык бюджеттин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышын контролдоо маселелерин координациялайт.
Өлкөдөгү жагдайды баалоо, мамлекеттик стратегияларды, программаларды жана улуттук долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мониторинг, анализ жана маалымат иштерин координациялайт.
Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча ишти координациялайт.
Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарын жана прекурсорлорду жүгүртүү, аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатындагы бирдиктүү саясатты жүргүзүү боюнча ишти координациялайт.
Мыйзамдуулук, жарандардын эркиндиги жана укугу маселелерин карайт.
Мамлекеттик органдардын демилгесине макулдук берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрдык кызматы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин компетенциясына кирген кадр маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген, тейлеген чөйрөлөрдөгү мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
Отун-энергетикалык комплекстин, өнөр жайдын жана турак жай-коммуналдык чарбанын; автомобиль жолдорун жана темир жолдорду куруунун, оңдоонун жана күтүүнүн; коммуникация жана байланыш; калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо; мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин материалдык баалуулуктарын топтоо, сактоо жана пайдалануу, курулуш жана региондук өнүктүрүү, экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдө, , санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук жана мамлекеттик мүлк объекттерин башкаруунун мамлекеттик саясаты боюнча контролдоо жана көзөмөлдөөкаттоо ишинин маселелерин координациялайт.
Өкмөттөр аралык комиссиялардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы бөлүгүндөгү маселелерин координациялайт.
Административдик реформаны жүргүзүүнүн мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун көтөрүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу, республиканын административдик-аймактык системасын реформалоо бөлүгүндөгү маселелерди тейлейт.
Мамлекеттик агрардык саясатты жүргүзүүнү жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнү; жер реформасын; курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын, суу ресурстарын башкаруу; агроөнөр жай комплексиндеги мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун иштерин жүргүзүүнү камсыз кылуу.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, июнь окуяларында жабыр тарткан Ош жана Жалал-Абад облустарынын калктуу конуштарынын инфраструктурасын жана турак жай фондун калыбына келтирүү маселелери боюнча макулдашылган жана координацияланган ишин камсыз кылат.
Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындай турган талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрдө маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана
инвестициялар боюнча вице-премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген, тейлеген чөйрөлөрдөгү мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
Экономиканы өнүктүрүүнү анализдөө, болжолдоо жана пландоо; өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу; техникалык жөнгө салуу; инвестициялык, фискалдык, финансылык, тарифтик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылуу; антимонополдук саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү; финансы рыногун өнүктүрүү, кен байлыктарды жана минералдык ресурстарды пайдалануу маселелерин координациялайт.
Интеллектуалдык менчикти жана салттуу билимдерди коргоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыздоо, мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун ишинин; эркин экономикалык аймактардын иштөөсүнүн; өкмөттөр аралык комиссиялардын ишинин маселелерин координациялайт.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, салык жана бажы төлөмдөрү чөйрөсүндөгү иштерди координациялайт.
Экономикалык кылмыштарды, экономика жана финансы чөйрөлөрүндө кызматтык кылмыштарды табуу, алдын алуу, бөгөт коюу, ачуу жана иликтөө боюнча укук коргоо органдарынын ишин координациялайт.
Лицензиялык-уруксат берүү системасын оптималдаштыруу, бюджеттик саясат маселелери бар өнүктүрүүнүн тармактык программаларын координациялоо, аткаруу бийлигинин органдарынын ишин каржылоодо программалык-долбоордук негиздерге өтүү маселелерди тейлейт.
Шанхай кызматташтык уюмунун, Экономикалык кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттери, ошондой эле башка өлкөлөр, эл аралык финансылык институттар, эл аралык өнүктүрүү агенттиктери, эл аралык экономикалык уюмдар менен кызматташтыкты камсыз кылат.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин, Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө мамлекеттери менен кызматташтыкты камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, финансы-кредиттик мекемелер менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Тейлеген чөйрөлөрүңдө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындай турган талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрдө маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
4. Кыргыз Республикасынын социалдык блок
боюнча вице-премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген, тейлеген чөйрөлөрдөгү мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
Социалдык саясат, социалдык кепилдиктер жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу; эмгек, ишке орноштуруу, үй-бүлө, балдар, жаштар; билим берүү, илим, спорт, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү; этностук өнүктүрүү саясаттары; гендердик саясат; маданиятты өнүктүрүү; басма сөз, телекөрсөтүү, 2010-жылдын апрель, май, июнь окуяларында жабыр тарткандарга социалдык кепилдик берүү жана колдоо көрсөтүү; жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо боюнча иштерди тейлөө маселелерин координациялайт.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетинин аткарылышын контролдоо маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, "Кыргызстан элдеринин ассамблеясы" коомдук бирикмелер ассамблеясы, Кыргызстан профсоюздар федерациясы, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык коомчулук менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Тейлеген чөйрөлөрдө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындай турган талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрдө маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 14-февралындагы № 232 буйругу менен бекитилген |
Ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри,
биринчи вице-премьер-министри жана
вице-премьер-министрлери тейлеген жана
координациялаган мамлекеттик органдардын
жана башка уюмдардын
ТИЗМЕСИ
(КР Премьер-министринин
2012-жылдын 2-мартындагы № 264, 2012-жылдын 12-июнундагы № 500 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчилик кылат жана контролдойт.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, мамлекеттик бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн контролдоо бөлүгүндө;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун;
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын;
жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана
инвестициялар боюнча вице-премьер-министри
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарына кирбеген бөлүгүндө;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун.
4. Кыргыз Республикасынын социалдык блок
боюнча вице-премьер-министри
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Тамак-аш, ветеринария жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун;
"Слово Кыргызстана" басма үйүнүн;
"Кыргыз Туусу" басма үйүнүн;
"Эркин Тоо" гезитинин;
"Жеткинчек" гезитинин;
"Кырчын" журналынын редакциясынын;
"Байчечекей" журналынын редакциясынын;
Кыргыз Республикасынын "Коомдук телеберүү - ЭлТР" телерадиоберүү компаниясынын.