Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 318 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 29-марты N 363
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 10-февралындагы № 29, 2016-жылдын 1-февралындагы № 61, 2016-жылдын 29-августундагы № 488, буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 токтому менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө жобого ылайык:
1. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш) төмөнкү курамда бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Байкоочу кеңештин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- (алтынчы абзац КР Премьер-министринин 2016-жылдын 1-февралындагы № 61 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору;
- Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргызстан өндүрүшчүлөрдүн жана ишкерлердин бирлигинин президенти (макулдашуу боюнча);
- Согуштун, эмгектин, Куралдуу Күчтөрүнүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
- Л.М.Фомова атындагы Калкты социалдык коргоо коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
- Байкоочу кеңештин жооптуу катчысы.
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 10-февралындагы № 29, 2016-жылдын 1-февралындагы № 61, 2016-жылдын 29-августундагы № 488 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 19-февралындагы N 90 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |