Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 3-апрели № 369
(КР Премьер-министринин 2012-жылдын 29-декабрындагы № 925 буйругунун редакциясына ылайык)
Абанын температурасы тез жылыганына байланыштуу тоолуу райондордо жаткан кардын ылдам эриши жана нөшөрлөгөн жамгырдын көп жаашы күтүлүүдө, бул республиканын бардык райондорунда жер көчкү, сел, суу ташкын процесстери активдешүүсүнө жана кыртыш алдындагы суулардын тез көтөрүлүшүнө алып келет.
2012-жылдын жаз-жай мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагында мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында:
1. Жер көчкү, сел, суу ташкын процесстеринин активдешүүсүнө байланыштуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча республикалык штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Министрликтер жана администрациялык ведомстволор:
- объекттерди (тармактык тиешесине жараша) мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардан сактоо боюнча алдын алуучу чараларды көрүшсүн;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана элдин жашоо-шартын камсыздоо боюнча кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү үчүн күчтү жана каражаттарды такай даярдыкта кармашсын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жолду эксплуатациялоо ишканаларынын инженердик техникаларын бөлүп берүү менен сел каптоолордун жана суу ташкындардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө жардамдашсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары:
- жер көчкү, сел, суу ташкын процесстери активдешүүсүнө байланыштуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча райондук жана шаардык штабдарды бардык аймактык жана ведомстволук кызматтарды ишке тартуу менен түзүшсүн жана жетектешсин;
- жергиликтүү элди тартуу менен селди буруучу каналдарды жана арык тармактарын тазалоо боюнча жумуштарды алдын ала жүргүзүү үчүн чараларды көрүшсүн. Дарыялардын нуктарына, селди буруучу каналдарга кошумча изилдөө жүргүзүшсүн жана алардын абалын сутка бою байкоого алууну уюштурушсун;
- өзгөчө кырдаал коркунучу жөнүндө элге өз убагында кабарлоо үчүн маалымат берүү жана байланыш системасынын даяр абалда кармоо боюнча чара көрүшсүн;
- коркунуч болгон учурда потенциалдуу коркунучтуу участоктордо жашаган элди коопсуз райондорго көчүрүүнү калктын жашоо-турмушун камсыздоочу иштердин комплексин жүргүзүү менен алдын ала уюштурушсун;
- жээктерди шашылыш бекемдөө жана селден тазалоо жумуштарын жүргүзүү үчүн карамактарындагы аймактарда күчтөрдү жана каражаттарды даярдыкта кармашсын;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн күйүүчү-майлоочу материалдардын, керектүү жабдуулардын жана курулуш материалдардын запастарын караштырышсын;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарды жүргүзүү үчүн куткаруучулардын айылдык ыктыярдуу командаларын даярдыкка келтиришсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Тиркеме
Жер көчкү, сел, суу ташкын процесстеринин
активдешүүсүнө байланыштуу өзгөчө кырдаалдардын
кесепеттерин алдын алуу жана жоюу боюнча
республикалык штабдын
КУРАМЫ
(КР Премьер-министринин 2012-жылдын 29-декабрындагы № 925 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, штабдын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, штабдын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча).